Menu

Фото – Индияда кыргыз тил күнү белгиленди

Бөлүшүү:

Жума, 13-сентябрь күнү Индиядагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинде “Кыргыз тилинин статусу жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган иш-чара болду. Бул иш чарага Индияда жашаган мекендештер жана Элчиликке келген индиялык коноктор катышышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чараны ачып жатып, элчи А. Исаев мамлекеттик тилдин мамлекеттин турмушундагы жана ишмердигиндеги ролу тууралуу айтып, мамлекеттин ишмердүүлүгүндө кыргыз тилин кеңири пайдалануу боюнча Өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан иш-чараларды, ошондой эле кыргыз тилинин түзүлүш тарыхын жана анын лингвистикалык өзгөчөлүктөрүн белгилей кетти.

Кыргыз тилин башка тилдер менен өнүктүрүүнүн салыштырма анализинин мисалдары келтирилди жана айырмалоочу белгилери аталды. Кыргыз тили ыргактуу келгендиктен анын өзгөчө көркөмдүгүнүн жана көп түрдүүлүгүнүн аркасында “океанга тете” “Манас” эпосунун келип чыгышы жана чыгармалары дүйнө тилдерине эң эле көп которулган Ч.Айтматовдун феномени баса белгиленди.

Иш-чаранын алкагында кыргыз тилинин классикалык адабиятынын көркөм чыгармаларынан үзүндүлөр окулуп, кыргыз элинин “аркан тартуу” оюну уюштурулду, ошондой эле иш-чаранын катышуучулары менен күндөлүк турмушта кыргыз тилинин маанилүүлүгү, ага аяр мамиле кылуу жөнүндө аңгемелешүү болду.

Иш-чаранын катышуучулары кыргыз тилин колдонуу жөнүндө өз көз караштарын билдиришти. Биздин мекендештерибиз белгилешкендей, алар балдарына мамлекеттик тилди сүйүүнү үйрөтүшөт, мекени менен тыгыз байланышта болуп, Кыргызстанга такай келип турушат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: