Menu

Видео-Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чараларын күчөтүүнү тапшырды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен кеңешме өткөрдү.

Кеңешменин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев курал колдонуунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын бир чек ара кызматкери каза тапкан чек ара окуясы болуп өткөн кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чек арадагы райондордун жашоочуларынын коопсуздугун камсыздоо зарылдыгын баса көрсөтүп, мамлекеттик чек араны кайтаруу жана коргоо чараларын күчөтүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы өзгөчө белгилегендей, кыргыз тарап буга чейин мамлекеттик деңгээлде жетишилген макулдашууларды катуу карманат жана  чек ара маселелерин кароодо конструктивдүү мамилелерди колдойт.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, бул иш улуттук кызыкчылыктарга артыкчылык берүү менен жүзөгө ашырылышы керек. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча ишти күчөтүүнү тапшырган Премьер-министр, өз ара ишеним, буга чейин жетишилген макулдашууларды милдеттүү түрдө аткаруу жана эки тараптын тең кызыкчылыгы эске алынган шартта гана чек ара маселесин оң жагына чечүүгө жетишсе болоорун белгиледи.

Өкмөт башчынын тапшырмасы менен Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана КРдин Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев Баткен облусуна барат.

Премьер-министр ошондой эле Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине чек ара окуясында жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: