Menu

“Коопсуз шаар” же маалымат коопсуздугунун коркунучу…

Бөлүшүү:

Учурда “Коопсуз шаар” долбооруна карата коомдо сын күч. Бул долбоор жарандардын коопсуздугун көздөбөй эле, айып пул менен бюджетти толтуруучу коммерциялык майда долбоорго айланып калганы айтылып келет. Арийне “Коопсуз шаар” керек долбоор. Бирок долбоорду ишке ашыруу механизмдери чийки. Талапка ылайык шарт түзүлгөн эмес.

Ырасында, коомдо айтылган нааразы пикирлер жүйөлүү. Анткени буга мисал кылчу себептер көп. “Коопсуз шаар” деген аталыш менен бир гана жол эрежелерин бузган айдоочуларды айыпка жыгуу үчүн жол кесилиштерине видео-камералар орнотулду. Ошого жараша эң эле жөнөкөй жол белгилери, жол чийиндери талапка ылайык келбейт. Жол чийиндери көрүнбөйт, жол белгилери туура эмес орнотулган. Айдоочулар жок жол белгилери үчүн айып төлөп жатышканын жакында эле адвокат Акин Токталиев сотто далилдеп, өкмөттүн шермендесин чыгарды. Бул бир.

Экинчиден, “Коопсуз шаар” аталышына жооп бериш үчүн жарандардын коопсуздугу биринчи орунда туруш керек эле. Жарандардын коопсуздугу жол кесилиштерине эле байланып калган эмес. Мектеп, бала бакча, оорукана, дүкөн, парк, бардык көчөлөргө ууру-кески, чоң муштум зөөкүр, каракчыларды байкап тургандай виедо-камера орнотулууга тийиш. Азырынча андан дайын жок.

Үчүнчүдөн, коммерциялык долбоор дегенге дагы бир факт, айып пулдар асманды чапчыйт. Ошол эле Россияда эң жогорку айып 1000 сом болсо, бизде эң төмөнкү айып 1000 миң сомдон башталып, 300ден 17 миңге жетет. Айлык, пенсиянын көлөмү Россияда биздикиңен 3 эсе жогору. Бизде 3 эсе төмөн, айып 3 эседен 17 эсеге чейин көп. Парадокс. Муну жөнөкөй тил менен айтканда өз калкынын жонунан кайыш тилүү дейт. Элин, мамлекетин ойлогон бийлик мындай иттикке барбайт. Казынага кантип акча түшүрүштүн жолун билбеген бийлик өз элинин канын соруп, чөнтөгүн кагып алууда. Өкмөт жыл башында эле айып пулдан 600 миллион түшөт деп бюджетке жок акчаны киргизип салган. Анан минтип элдин шорун кайнатууда.

Мына быйыл алты айдын жыйынтыгы менен салыктан 3 жарым миллиард, бажыдан 7 жарым миллиард сомго чейин каражат түшпөй калды. Өкмөт чоң кирешелүү ишканалардын жаңы жылга чейинки бир кварталдык салыгын алдын-ала жалынып чогултуп алды. Бир кварталдын дээрлик 30-40 миллиард сому жок. Сыртка 6 айда 300 миллион долларга жакын каражат чыгып кетти. Бул 2005-жылдан бери алганда рекорддук сумма. Казына калдырап бош. Токтогул суу сактагычында суу нормадан кыйла түшүп кетти. Киров, Орто-Токой, Папан суу сактагычында суу дээрлик жокко эсе. Аламүдүн суу сактагычынын суусун бүт агызып, 40 тонна балык кырылып калды. Бул дегендик, суу сатылып жатканынан кабар берет. «Электр станциялар» ишканасы суу аз болгондуктан электр энергиясы өчүшү мүмкүн экенин айтып коңгуроо кагып, бет тырмаарлык кылууда. Өкмөт патентти жоёбуз, тойкана, чачтарач, комоктор милдеттүү салык төксүн деп сунуш киргизип жатат. Аркар-кулжа атканга уруксат берди. Жолдон туура эмес өткөн адамдарга 1000 сом айып төлөтүүдө. Айтор кызарган жердин баарын кузгундай эле чокуп жатат. Келечекти ойлогон масштабдуу стратегиялык план-программа жок, элди эле аңдып калды. Эми бул азыркы экономикалык абалыбызды учкай билдирген чегинүү катары айтылган маалымат. Эмесе “Коопсуз шаардын” кооптуу көйгөйлөрүнө кайтып келели…

Сапар Исаковдун өкмөтү «Акылдуу шаар» долбоорунун алкагында Бишкек, Ош шаарларына, Бишкек – Ош, Бишкек – Ысык-Көл, Бишкек – «Манас» аэропортуна кетчү эл аралык маанидеги жолдорго коопсуздукту камсыз кылуучу долбоорго 60 миллион доллар сарптамак болмок. Аны кымбат, коррупция жыттанат деп жокко чыгарып салышкан. Эми болсо Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү Бишкек шаарына эле “Коопсуз шаар” долбоорунун биринчи этабына 35 миллион доллар акча коротту. Долбоорду ишке ашырган орусиялык «Вега» концерн компаниясы болгону Бишкек шаарынын бир нече жол кесилиштерине видео-камера коюу менен чектелди. Эми экинчи этапты ишке ашыруу үчүн 5 миллиард 700 миллион сомго тендер жарыяланды. Ошондо «Коопсуз шаардын» жалпы чыгымы 120 миллион долларды чапчып, кымбат делген Сапар Исаковдун 60 миллион долларлык долбоорунан эки эсеге ашып кетти. Мына коррупция… Бул эми экономикалык мандемдүү жагы.

Дагы бир маалыматтык коопсуздукка коркунуч жараткан маселе бар. Өтө кооптонууну жараткан жагы эми гана коомго билинип, айрымдардын төбө чачы тик туруп жатат. Мына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаардын» алкагында, адамдын жүзүн тааныган функциясы менен 800дөй видеокамера орнотулду» – деп төш кагып мактанып жатат. Иттин өлүгү ушул жерде жатат. Көрсө «коомдук тартипти жана жол коопсуздугун камсыздоо максатында» адамды бет түзүлүшүнөн тааный турган функциясы бар камераларды Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдын 4-мартында эле Кыргызстандын Ички иштер министрлиги менен кытайлык СЕІЕС (Сһіnа National Еlectronics Import Corporation) компаниясы менен макулдашкан долбоорго макулдугун билдирип, буйрукка кол койгон экен. Мындай документке кол коюлганы
тууралуу маалымат ал учурда эмнегедир көпчүлүккө ачыкка чыкпай, коомчулук арадан жарым жыл өтүп кеткенден кийин гана билип отурат. Буга чейин өлкө Кытайдын санариптик көзөмөл системасынан баш тартып, “Коопсуз шаар” долбоорун орусиялык «Вегага» тапшырган. Эми «Веганын» камераларына Кытайдыкы кошулуп, Бишкектеги жол кыймылын эле эмес, ар бир жаранды көзөмөлдөшү толук ыктымал. Натыйжада Кыргызстандын маалымат коопсуздугу Кытайдын колуна өтүү коркунучунда турганын дүйнөлүк басылмалар коңгуроо кагып жазышууда. Маселен, «Eurasianet» басылмасы Кытай Борбор Азияга видео көзөмөл каражаттарын алып келүү менен маалымат коопсуздугун көзөмөл кылган системасын акырындап киргизип жатканын жазды. Чындыгында «Кытай компаниясы биздеги маалымат базаларын колго алып, жергиликтүү бийлик менен операторлорду паралап коюшу толук ыктымал деген чочуулоо күч. Анын үстүнө Кытай кандай шарт менен өнөктүштүк жардам көрсөтүп жатканы табышмак бойдон калууда. Өкмөт бул боюнча маалымат бербей, сыр кылып жашырууда.

Жакшылап эстей турган болсок, кытайлык компания мурда да Кыргызстан менен ушундай багытта кызматташууга аракет кылган. 2018-жылдын январь айында кыргыз өкмөтү кытайлык «Хуавей» компаниясы менен инвестициялык макулдашууга кол коюп, өлкөнүн ири шаарлары менен негизги кан жолдорун видеокөзөмөл камералары менен жабдып чыкмак болгон. Бирок эки айдан кийин министрлер кабинети андай макулдашуудан чыгып кеткен.

«Хуавей» менен СЕІЕС – өнөктөштөр. Бирок экинчи компания макулдашууда көрсөтүлгөндөй күнү-түнү көз сала турган видео-байкоо камераларын «эл аралык кызматташуунун алкагында» орноткону жатат. Макулдашуунун «майда-чүйдө» мазмунунда эмнелер жазылганы азырынча сыр бойдон сакталып, коомчулукка ачык айтыла элек.

Болот Курч

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 19 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: