Кечээ, 16-сентябрда Лейлектеги кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда 41 жаштагы Равшан Муминов каза болгонун Чек ара кызматы билдирди. Анын артында аялы, үч баласы жана карыган энеси калды.
Эскерте кетсек, кечке жуук тажик чек арачылары Кыргызстандын Максат жана Сай чек ара бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен бир аскер каза болуп, алты жоокердин жаракат алганы кабарланган. Алардын баарына медициналык жардам берилип, Исфана шаарындагы райондук ооруканага жеткирилген. Эки аскердин абалы оор. Мындан тышкары жонөкөй тургундар да жабыркашты.
“Муминов тажик тараптын гранатомету аткан октон каза болду. Ал Максат чек ара бекетинде кызмат өтөп жатканда окко учту”, — деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ