Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыповдун ордуна Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов келди. Алымкулов буга чейин Нарын шаарына Турдакун Усубалиевдин эмес, башка адамдын сүрөтүн илдирип сынга алынган. Кандай болуп жетекчи болуп келди деп баш катыргандар Ысык-Көл облусунун башчысы Акылбек Осмоналиев менен группалаш жакын дос экен, ошол аркылуу келди окшойт деп божомолдошкон. Акылбек мырза өмүр бою президенттин көздөй кишиси катары жанында жардамчы болуп иштеген. Бирок Алымкулов Осмоналиевдин аркасында эмес, Соцфонддун башчысы карачечекей күйөө баласы Медер Ирсалиевдин колдоосу менен облус башкарууга келиптир. Ирсалиев болсо өкмөт башчысы Соцфондду жетектеп турганда бапестеп өстүргөн ишенген көздөй кадры болот.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ