Menu

Исаковдукунан да Рысалиев менен Таабалдиевдин абалы начар

Бөлүшүү:

Кечээ, Сапар Исаковдун жактоочулары Бишкек ЖЭБди модернизациялоо тууралуу кылмыш иши боюнча соттук териштирүүнү токтотуу тууралуу өтүнүчтү билдиришти. Буга анын саламаттыгынын начар экени себеп болгон. Айтымында, Сапар Исаковдун абалы жакшыра элек. Соттук териштирүүлөргө катыша албайт, мындан улам керектүү дарылануусун алуу үчүн жумалык тыныгуу керектелүүдө. Мындан тышкары дагы бир айыпталуучу, мурунку өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин ден соолугу начарлап кеткени айтылууда.

Албетте, саламаттыктын жоголушу абактагы абалдардан улам белгилүү. Бирок, уккан маалыматтарыбыз боюнча эркиндикте эле жүргөн Зарылбек Рысалиев менен издөөдөгү Бусурманкул Таабалдиевдин дагы саламаттыгы начар экени айтылууда. Мурдагы ИИМ башчысы Рысаливдики өтө оор дешет абалынан кабар алгандар. Ал эми Таабалдиев мурдагы ооруларынан улам эки көзү көрбөй калганын кулагыбыз чалууда. Адамды ар түркүн санаа эле жеп коёт тура. Эмдигилер эстерине келсе эле болду эле.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: