Бүгүн, 17-сентябрда Бишкектеги Ак үйдүн алдында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды жөнгө салууну талап кылган жарандардын митинги болуп өттү. Митингге 40 чамалуу активисттер катышты. Алардын арасында Баткен облусунун Бишкекте жашашкан тургундары да нааразычылыктарын билдиришип жатышты. Бирок, милиция акциянын катышуучуларын Ак үйдүн алдынан Панфилов паркын көздөй сүрүп, каршылык көрсөткөн 2-3 жаш активистти кармап кетти.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ