Бүгүнкү күндө Кыргызстандык боксер-спортчу Азат Үсөналиев Россиянын Екатеринбург шаарында болуп жаткан эркектер арасындагы бокс боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышып жатат.
Ал 52 килограммдык салмактагы спортчулардын арасында күч сынашууда. Азат Үсөналиев 1/16 финалда Румыниялык спортсменди утуп алган. Ал эми финалдын төртүнчү бөлүгүндө Өзбекстандык боксер Шахобидин Зоиров менен беттешет.
Эсиңиздерге сала кетсек, бул спортчулар бокс боюнча Азия-2013 чемпионатында беттешишкен. Жыйынтыгында ал мелдеште Кыргызстандык спортчу утуп чыгып, алтын медалга ээ болгон.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ