Menu

Дүйнөдө нефтинин баасы өсүүдө

Бөлүшүү:

Ишемби күнү нефть казган ири үч компаниянын катарына кирген ишкана дрондун чабуулуна калган. Анын кесепетинен нефть казуу солгундай түштү. Сауд Аравияда нефть казуу солгундап кеткендиктен анын баасы 19 пайызга чейин өскөнүн РИА Новости агенттиги жазды.

Орто эсеп менен нефтинин баасы 12-15 пайызга өссө, айрым жерлерде 19 пайызга чейин жеткен. Вrent үлгүсүндөгү нефть базар ачылганда баррели 67,8 доллар болуп, кийин 71,62 долларга жеткен.

Дүйнөдө нефтини ири импорттоочулардын бири жана казуу жагынан үчүнчү орунда турган Сауд Аравиянын нефть чыккан кендерине дрондон чабуул болгондон кийин казуу иштери солгундай түшкөн. Мурда суткасына 9,8 миллиои баррель казылса, учурда анын көлөмү 5,7 миллион баррелге чейин азайган. Расмий Эр-Рияд казылган нефтинин көлөмүн дүйшөмбү күнү калыбына келтиребиз деп ишендирди.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: