Menu

Өкмөттүн кадр саясаты Өмүрзаковдун өңүндөйбү?

Бөлүшүү:

Мамлекеттик кадр кызматы өлкөдөгү кадрларды даярдоодо, дайындоодо жана алардын иш алып баруусундагы артыкчылык менен кемчиликтерге көз салууда орду чоң. Акыркы кездерде ушул мекеменин бар экени же жок экени деле эч кимге белгисиз. Улам жогорку кызматка секирип кетүү үчүн, тыным алып олтура турган мекеме эле болбосо, башка кылаары жоктой. Лениндин: “кадрлар баарын чечет” деген ой жорумуна келсек, мамлекеттеги кадр тандоодо, аларды даярдоодо жана ишин тескөөдө бул тармактын иши опол тоодой эле болчу. Бирок, акыркы кезде ал жерге жетекчи турбай, турса да ал мекемеге кызыгып кызмат кылбай, трамплин катары көтөрүлүп кете берип, бул мекемеге татыктуу жетекчи келбей жатканы байкалат. Кызыгы, чыныгы кесипкөй кадырлардын ал жерде жетекчи болуп барбай жатышы да башкы маанини туюндургансыйт.

Кала берсе чыныгы профессионалдардын ал жерде жок болушу да башкы мааниге ээ болууда. Айталы, ал жерде көп жылдан бери олтурган Мыктыбек Өмүрзаковду деле айтса болот. Мамлекеттик бир мекемеде иштебей туруп ушул кызматка жеткен. Эми анын бул ийгилигине ичибиз ооруп турган деле жери жок. Болгону, кадрлар баарын чечип атса, кадрлардан аксап, алдыбыз ашмалтайыбыз чыгып, артыбыз чимкирик аталып атсак, анан кадр кызматында бир күн мамлекеттик кызматта иштебеген кишилер башкарып турса айтат экенсиң. Ал орунга бир кезде түкүрүгү жерге түшпөй турганда Текебаев алып барганын баары эле билсе керек. Акыркы кезде өзүнүн иши сотто экенин унутуп, мыйзамды уруп ойнобой ар жерде “саясат издеп” жүргөн Текебаев, мыйзамдын атасы экенин бул жерде дагы көрсөткөн экен. Өмүрзаков эмне кылсын? Өзүн мамлекеттик жумушта экенин эсинен чыгарып, абакта жаткан “атасы” тоюст, агасы Текебаевди ачык эле соц желелер аркылуу ачык эле мактап, ал турсун азыркы бийликке айбаат көрсөткөнүнүн төркүнү ушунда эле болчу. Кечээ, Текебаев абактан чыгат дегенди укканбы, айтор ачык эле актала элек Текебаевди сот залынан үй камагына чыгарган жерден колтуктап, караанын көрсөткөндөй болду. “Эбин тапкан эки жейт” болуп, азыр чыныгы кадрлардын эмес, эптүүлөрдүн эле заманы болуп калыптыр. Кыргыздын кадыр күтөөр кадрлары ушулар болсо, жыргаган экенбиз кадр башкаруучуларга. Сөз дагы уланаар…

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: