Menu

Өзбек атайын кызматы Ташкент-Дели каттамынын 39 жүргүнчүсүн учактан түшүрүп калды

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы Ташкент аэропортунда рейд жүргүзүп, Делиге кетип жаткан 39 ишкерди учактан түшүрүп калды.

Ишкерлердин айтымында, 11-сентябрда «Өзбекстан аба жолдору» компаниясынын NY-425 каттамы асманга көтөрүлөрүнө 15 мүнөт калганда, учакка ондогон жарандык кийимчен адам кирип, бир нече жүргүнчүнүн сыртка чыгуусун талап кылышкан.

«Жалпысынан учактан 39 жүргүнчүнү сыртка чыгарып, авиациялык коопсуздук бөлүмүнө жеткиришти. Бардыгыбыздын паспортторубузду, чет өлкөлүк валюталарды, зер буюмдарыбызды жана телефондорубузда алып коюшту. Анда бизге суу бербестен таңкы саат үчкө чейин кармап турушту. Андан соң Ташкенттеги тергөө абагына жеткирип, ал жакта түнгө чейин кармашты», — деди ишкерлердин бири.

Учактан чыгарылган ишкерлер атайын кызмат өкүлдөрүнүн бул аракетин мыйзамсыз деп эсептешүүдө. Алар бул боюнча президенттин кабылдамасына, Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасына жана Башкы прокуратурага кайрылышты. Ишкерлердин айтымында, атайын кызмат өкүлдөрүнүн рейдинен улам алардын ар бири бир нече миң доллардан чыгашага учурашты.

«Биздин буюмдарды атайын конверттерге салып, мөөр басышты. Аларды тергөөнүн жүрүшүндө күнөөсүз экенибиз далилденсе кайтарып бере тургандыктарын айтышты», — деп билдиришти ишкерлер.

Ташкент аэропортунун кызматкерлеринин бири 11-сентябрда NY-425 каттамынын 39 жүргүнчүсү Делиге учуп кете албаганын ырастады. Анын айтымында, алардын кармалышына аталган каттам менен баалуу металлдар чыгарылып кетип жаткандыгы тууралуу маалымат себеп болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 52

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: