Menu

Бердибек Жамгырчиев, акын: “Жашоо жалаң май сүттөн турбайт, өйдө-төмөн, оош-кыйыш болот”

Бөлүшүү:

Акыркы жылдары Кыргызстанда ажырашкан түгөйлөрдүн саны көбөйгөнү айтылып жатат. Үй-бүлө куруу үчүн сезим керек болсо, аны сактап калуу үчүн сезим жетиштүүбү?

– Үй бүлөө куруу үчүн сезим керек болсо аны сактап калуу үчүн терең ишеним, кечиримдүүлүк керек. Кызганыч үй бүлөөнү буза турган башкы коркунуч, той болот тойдун эртеси да болот деген кеп бар кыргызда, анын сыңарындай тойдун эртесин ойлонбойт экенбиз биз. Жашоо жалаң май сүттөн турбайт, өйдө-төмөн, оош-кыйыш дегендей, анын үстүнө кийинки жаштар көбүнчө жомок жашоону кыялданып алганбыз, интернеттен не бир шумдуктарды, люкс жашоону көрө берип айрыкча кыздар дал ошондой жашоодо дароо эле жашап кеткиси келип баштары айланып калган заман, а реалдуу жашоо такыр башка, кыз жигит сүйлөшүп жүргөндө көпчүлүгүндө маска, беткап болот, бир эмес бир нече түрү менен, анан баш кошкон соң ошол масканын баары шыпырылып түшө берет, анан чыныгы жүздөр жарыкка чыга келгенде ажырашуулар көп болот. Мен бул тууралуу мурун ыр да жазгам:

Ар сөзүбүз айланып гүлдөн балга,

Артист болуп сүйлөйбүз сүйгөн жанга.

Чыгат анан баш кошкон күндөн тарта,

Чын жүзүбүз окшошуп күйгөн нанга,

– деп. Азыркы биздин муунда жана келе жаткан жаш муундарда кечиримдүүлүк, түшүнүү, сабыр кылуу деген сапаттар жокко эсе, үйдө аялдын тили кыска болуусу керек, а эркек майдачыл, көр жеме болбош керек, ошондо бир топ кырсыктар жандап өтүп кетээри, анык. Баары майдадан башталат, дароо эле бал жашоо  болуп кетсе анын доору бат эле бүтөт, эки түгөй бирин бири колдоп, коштоп түшүнүү менен жашаса турмуш оорчулугун оңоюраак жеңет беле деген ой!

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: