Menu

Таластагы Улуттук көчмөндөр оюндарында улакчынын кабыргасы сынды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-сентябрда Таласта болуп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарында көк бөрү оюнунун улакчысынын кабыргасы сынды. Бул маалыматты улуттук оорукананын дарыгери Замир Молдокулов тастыктады.

Ал мелдеш учурунда кабыргасын сындырып алган. Ага оорусун басаңдатуучу дары беришип, жаракат алган жерин таңышкан.

Бирок улакчы ооруканага баруудан баш тартып, ойногонун уланткан.

Азыркы учурда улуттук көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Р. Алканов атындагы ипподромдо беш тез жардам автоунаасы жана алты дарыгер бар. Алар бүгүн келишкен.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: