Menu

Казакстанда ооруканага жаткырылган төрт адамдын күйдүргү диагнозу ырасталды

Бөлүшүү:

Казакстандын Жамбыл облусунда ооруканага жаткырылган төрт жергиликтүү тургундун күйдүргү диагнозу ырасталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

Маалыматка караганда, ооруканага жаткырылган жарандар бир чарбада чогу иштеп, мал союуга катышкан.

КТК телеканалы билдиргендей, алар иштеген чарбада күйдүргүдөн өлгөн мал катталбагандыктан, аймакта карантин киргизилбейт.

Товарлар менен кызматтардын коопсуздугун көзөмөлдөө департаментинин Жамбыл облустук башкармалыгынын өкүлү Газиз Надуев ооруканада жаткан адамдардын өмүрүнө коркунуч жок экенин жана бир нече күндөн кийин үйлөрүнө чыгарыла турганын билдирди. Ал ошондой эле учурда күйдүргү жуктурган адамдар менен байланышта болгон 44 киши дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин кошумчалады.

Расмий маалыматтарга караганда, акыркы 20 жылдан бери Казакстанда адамдар малдан күйдүргү оорусун жуктуруп алган учурлар дээрлик жыл сайын катталып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: