Menu

Фото – Нур-Султан шаарында Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 28 жылдыгына арналган расмий кабыл алуу болду

Бөлүшүү:

Бул иш-чарада Казакстан Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү, Казакстан Республикасынын Парламенттинин Мажилисинин жана Сенатынын мүчөлөрү, Казакстан Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, Нур-Султан шаарында аккредиттелген Элчилер, эл аралык жана коомдук уюмдардын, бизнес-структуралардын башчылары жана өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын студенттери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле Казакстандын аймагында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кзыматы билдирди.

Куттуктоо сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жээнбек Кулубаев жана Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Марат Сыздыков сүйлөштү.

Өз сөзүндө Ж.Кулубаев Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелер эки боордош элдин ортосундагы ийгиликтүү кызматташтыктын жакшы үлгүсү болуп санала тургандыгын белгиледи. Анын негизинде бири-бирине прецедентсиз ишенимдин денгээли, эл аралык көйгөйлөрдүн кеңири чөйрөсүнө концептуалдык ыкмалардын дал келиши жана биргелешкен өнүгүүгө умтулуу кирет.

Өз кезегинде, M.Сыздыков Кыргызстан менен Казакстан эң жакын мамлекеттер болуп, мамлекеттик суверенитетти урматтоодо, ачыктыкта, ишенимдүүлүктө жана өз ара пайдалуу кызматташтыкта негизделген бекем жана баарын камтыган  өнөктөштүк системасын курушту.

Бул иш-чаранын алкагында Евразиялык чыгармачылык гильдиясынын сүрөтчү-мүчөлөрүнүн сүрөттөрүнүн көргөзмөсү уюштурулган. Сүрөттөр сүрөтчүлөрдүн 2019-жылдын июлунда Кыргыз Республикасына болгон баруусунун алкагында плэнэрде жасалган. Меймандарга Кыргызстан жөнүндө видеороликтер жана кыргыз  улуттук ансамблинин аткаруусунда музыка тартууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 + = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: