Menu

Фото – Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусундагы чек ара окуясынын натыйжасында жабыркагандардан кабар алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев КР Жогорку Кеңешинин депутаттары менен биргеликте Лейлек районунун аймактык ооруканасына барып, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы курал колдонулган чек ара окуясынын кесепетинен жабыркагандардан кабар алды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, атышуу учурунда 13 адам ар түрдүү даражадагы жаракаттарды алышкан, алардын ичинен он жаран бүгүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик-транспорттук учагы менен дарыланууга Бишкекке жеткирилди.

Өкмөт башчыга жабыр тарткан жарандардын саламаттыгы тууралуу маалымат берилди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жабыркагандарга сакайып кетүүлөрүн каалоо менен баса белгилегендей, мамлекет тарабынан бардык зарыл жардам жана колдоо көрсөтүлөт.

Өкмөт башчы ошондой эле жапа чеккендердин жакындары жана туугандары менен сүйлөшүп, чек ара маселесин чечүү жана кырдаалды басаңдатуу боюнча Өкмөт тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу айтып берди.

Жабыр тарткандардын үй-бүлөлөрүнө Жогору Кеңештин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан материалдык жардам көрсөтүлмөкчү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: