16-сентябрь күнү болуп өткөн Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан Тажикстандын УКМКсынын үч аскери каза болду. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги Согду облусунун башчысынын маалымат кызматынын жетекчиси Музаффар Юнусовго таянуу менен билдирди.
Каза болгондор Тажикстандын УКМКсынын бир подполковниги жана катардагы эки аскери набыт болгон.
Азыркы учурда кыргыз-тажик чегинде кырдаал туруктуу. Окуя болгон жерге КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку Кеңештин депутаттары барып кабар алышты.
Бул жаңжал боюнча Тажикстан тараптын билдирүүсү төмөнкүдөй.
Чек ара жаңжалы боюнча Тажикстандын расмий органдары да билдирүү жасады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек ара аскерлери ок атууну кыргыз тарап биринчи баштаганын билдирген. Маалыматка ылайык, кыргыз тарап 16-сентябрда саат 18:45тер чамасында Бахор аймагындагы спорт аянтчасына курулуш иштерин баштаган. Жергиликтүү тургундар (тажик тарап) курулуш иштерин токтотууну талап кылышкан.
Маалыматта эки тараптуу жетишилген макулдашууларга карабай Кыргызстандын куралдуу күчтөрү кошумча 250-300дөй аскерди тартканы айтылат. Чагымчыл аракеттерден кийин Тажикстандын куралданбаган жай тургундарына карата ок атылып, бир нече киши жаракат алганы белгиленген.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ