Menu

Кожобек Рыспаев, ЖК депутаты: “Мекенди коргоп каза болгон аскердин үй-бүлөсүнө айлык маянабыздан берели”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-сентябрь күнү Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Кожобек Рыспаев Баткенде чек арада каза болгон аскердин жана Кой-Таш окуясында көз жумган УКМКнын кызматкеринин үй-бүлөсүнө жардам катары депутаттардын 2 күндүк айлык маяанасын берүүнү сунуштады.

“Баткен облусунда мекенди коргоп жатып бир жоокерибиз кайтыш болду. Артында үч баласы калды. Жакында эле Кой-Ташда биздин бир жоокерибиз каза болду. Анын да артында үч баласы калды. Ушул эки жоокердин үй-бүлөсүнө депутаттар өзүнүн эки күндүк айлык маянабызды жардам катары которуп берели” – деп сунуштады эл өкүлү.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кечке жуук тажик чек арачылары Кыргызстандын Максат жана Сай чек ара бекеттерине ок аткан. Анын кесепетинен бир аскер каза болуп, алты жоокердин жаракат алганы кабарланган. Алардын баарына медициналык жардам берилип, Исфана шаарындагы райондук ооруканага жеткирилген. Эки аскердин абалы оор. Мындан тышкары жөнөкөй тургундар да жабыркашкан.

Булак: “KyrgyzToday”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 97 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: