Menu

Орто Азия арстандары Кытайга канча карыз?

Бөлүшүү:

Дүйнөнү селдей каптап Кытай басып келе жатат. Жол куруу боюнча тендерлерди, кен байлыктарды казуу иштери, курулуш тармагы боюнча бардык жакта кытайлар болуп калды. Алар ааламды согушу жок эле, аз-аздан кирип олтуруп ээлеп алмай болду. Бүгүнкү биз айтчу жагдай жылчык көздөр жыландай сойлоп, карыз берип, кредит берип, грант берип, бардыгын басып алууга далалаттанган аракети тууралуу болмокчу. Кытайдын карызын канча суммада, канча жылга кимдер гана алган эмес. Эмесе тизмектейли Орто Азияда Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан жана жабык деп эсептелген Түркменистан да булардан карыз алган. Кыскасы Азиядагы мен эгемендүү өлкөмүн дегендердин баарысы Кытайга карыз. Алардын ар биринин карыздары миллиарддаган долларларды чапчыйт. Алсак борбору Акмоладан, мурунку Астана, азыркы Нур-Султан шаарына алмаштырып, көк тиреген турак-жайларды куруп, өнүгүү жолунда бараткан Казакстан Кытайга 12 миллиард доллар карыз. Бул сумма дагы азыраак болуп калганбы ким билсин, айтор быйылкы жылдын эсебинен дагы 300 миллион доллар карыз алып жатат. Бул каражатка казактар 50гө жакын кытай заводдору курулары кеп болууда. Дагы бир белгилей кетчү жагдай, Казакстандагы нефтинин 20 пайызын кытайлар казып жатышат. Ошондо Казакстандын Кытай астында жалпы карызы 12 миллиард 300 миллион долларды түзөт.

Ал эми мекенибиз Кыргызстандын Кытайга болгон карызы 1 миллиард 700 миллион доллар. Албетте бул кошуна казактардыкына караганда кыйла эле аз. Бирок… – бул жалпы тышкы карызыбыздын 40 пайызын түзүп жатпайбы. Кытай астындагы карыздын суммасынын көбөйүшүнө азыркы абактагы президент Атамбаевдин салымы зор экен. Дегенибиз 1 миллиард 700 миллион карыздын 1 миллиардга жакыны Атамбаев бийлик башында турган алган карыздар экен. Мисал менен келтирели: ЖЭБди жаңылоо иштерине кытайдын Эксим банкынан 386 миллион доллар, түндүк-түштүк альтернативдик жолуна 400 миллион доллар, “Датка-Кемин” линиясын курууга 389 миллион доллар алган. Ал сумманы ким кандай колдонгон, ким кандай соргон териштирүү иштери аягына чыкпай, бир катар чиновниктер камакта олтурат. Аттишти эле 600 доллардан алганы алешемдик эмей эмне. ЖЭБден тышкары жол салууга келген кытай каражатына кол салуулар бир канча. Кытайдан кыргыздар эгемендүүлүккө ээ болгон жылдан кийинки эле жылы 5 миллион доллар карыз алып, бирок аны кутулууга үлгүрүппүз. Ошондо 2000-жылдары биз кытайга бир тыйында карыз эмес элек. Бирок андан кийин кайсы кара теке сүздү билбедик, акырындан малына баштадык. Мисалы 2008-жылы карызыбыздын көлөмү 9 миллион доллар болсо, 2009-жылы 47 миллионго чыккан. 2010-жылы 150 миллион долларга жетип, андар ары активдүү өсө баштаган. 2008-жылы май айында карызыбыз 9 миллион 140 миң доллар болсо, 2019-жылы май айында 1,7 миллиард долларга жетип, 11 жыл аралыгында 186 эсеге көбөйүп
кеткен. Кытай каражатынын биринчиден алынышына, ал акчалардын максатсыз пайдаланышына бийликтин бийик сересиндеги алкымы бузук, коррупционерлер күнөөлүү. Алар эртеби кечпи жазасын алышы керек. Бир кезде алар Акаевдин сотунан качса, кийин Бакиевдикинен, Атамбаевдикинен качты. Бирок Алланын сотунан кача албайт. Жөнөкөй жарандарын карызга батырган акмактар, ачкөздөр.

Тажикстан да карыздан кур калбаптыр. Алардын сырткы карызынын 48 пайызы Кытай алдында экен. Карыздын көлөмү 1 миллиард 200 миллион долларды түзөт. Алтын казуу тармагынын 80 пайызын кытайлар ээлеп, ошолор казышат. Дагы бир кызыктуу жагдай тажик бийлиги 8 жыл мурун чек араны делимитациялоо, демаркациялоо деген шылтоо менен Кытайга аймагынын 1 пайызын берип жиберген. Өткөн жылы болсо кытайлар ЖЭБ куруп бергендиги үчүн деп, 330 миллион долларга баалап Жогорку Кумак деп аталган алтын кенин беришкен. Тажиктер ушундай жол менен алган акчаларынан кутулууда.

Өнүгүү жолундагы өзбектер деле кытайдын карызынан куру калбаптыр. Алардын кытай астындагы карызы 7 миллиард 800 миллион доллар экен. Каримовдун убагында бул сумма кыйла эле аз болчу экен. Мирзиёевдин келиши менен карыздын калыңдагандыгы бир топ эле байкалды. Бирок ошол маалда экономикалык өсүүлөр бир топко жогорулаганын айтпай кетпесек болбойт.

Ал эми экономикасы жабык деген Түрменистан да Кытайга карыз экени белгилүү. Алсак дүйнөдөгү эң чоң газ запасы бар “Галкыныш” газ талаасынын кытайлар аркылуу салынышы, Өзбекстан жана Казакстан өтүүчү газ түтүктөрдүн курулушу жана бул долбоорлордун ишке ашышы болжол менен 8 миллиард доллардан ашык деп бааланууда. Андан тышкары түркмөн бажысынын маалыматы боюнча акыркы 3 жылды эле алсак, түркмөн газынын 90 пайызын официалдуу түрдө Кытай тарап 3 эсе арзан баада сатып алып турган. Ушундай жол менен Кытай астындагы карызды кутулуу эмей эмне?

Жогорудагы мен-мен деген карызы бар мамлекеттер эмне үчүн карызды Батыш өлкөлөрүнөн эмес, Кытайдан алышкан? Жообу жөнөкөй Казакстандын экс-президенти Назарбаев айтмакчы, Кытай тарап, Батыш өлкөлөрүнө окшоп эч качан талаптарды койбойт. Батыш өлкөлерү ар дайым талаптарды коюп келет. Биз силерге жардам беребиз, силер биздей болосуңар деген таризде. Бирок чындыгында андай эмес. Кытайдан алган карыздарды көбүнэсе инфраструктураны оңдоого, жол салууга, энерго объекттерди курууга, сол чөнтөккө урууга колдонобуз. Ошол эле маалда алар да билинбеген өз талаптарын коюп келет. Мисалы: жол салууга – сөзсүз алардын техникасын алып колдонуш керек, ЖЭБ салууга – алардын жабдыктарын сатып алуу керек деген сыяктуу талаптар. Булар биз билгени. Билбегенибиз канча. Кытай тараптын дагы бир Азия өлкөлөрүнө кызыгып, бооруна тартымыш болуп, жардам көрсөтүп жатканы анын ичиндеги арам ою. Биз жогоруда тизмектеген өлкөлөрдүн баары жаратылыш байлыктарына бай өлкөлөр. Бизде жана биздин Кытайдан карыз алган кошуналарда нефть, газ, алтын, уран жана башка баалуу металлдар толтура. Кытайдын көзүн кызартканынын сыры ушунда жана биздин сатылма чиновниктерде. Акча десе агылган байкуштарга балдарынын келечеги бир тыйын. Андан тышкары бул жылчык көздөрдүн кызыкканы биздин географиялык жайгашкан шартыбыз. Биз Кытайга транзиттик коридорду түзүп беребиз. Ушундай урматтуу окурманым. Биз кыргыздар Кытайга кен байлыктарыбыз, жер байлыктарыбыз жана жаратылышыбыз үчүн керекпиз. Башкасына баштарын оорутпайт. Урматтуу өлкө башчы, өкмөт башчы Кытай менен алака түзөлү бирок этияттайлы.

Тилек Рыскулов

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: