Menu

Чек ара талашына чекит коюлбаса – чоң чырга айланабы?

Бөлүшүү:

Баткендеги Тажикстан менен чектешкен чек арадагы кезектеги чыр 16-сентябрда чыкты. Буга дейре аталган аймакта коңшу өлкөнүн жарандары менен болгон жаңжал бир нече жолу орун алган. Август айында эле эки жолу кырдаал курчуп, чек арага чектеш айылда жашаган кыргызстандыктар убактылуу журт которууга да аргасыз болушкан. Бул сапар да кырдаал күчөгөндөн күчөп баратат.

Жаңжал Тажикстандын тургундарынын чек арадагы такталбаган аймакка курулуш иштерин баштаганына байланыштуу жаралган. Август айындагы жаңжалда тажикстандыктар кыргызстандык жаран өз үйүн тосмолоп жатканына нааразы болушуп, анын айынан башталган болчу. Бул сапар коңшу өлкөнүн жарандары такталбаган аймакка курулуш иштерин жүргүзүп жатканын көргөн кыргызстандык үйүн тосмолоону уланткан. Бирок, тажикстандыктар ага нааразы болушуп, кайым айтышуу менен башталган чатак акырында курал колдонууга жеткен. Анын кесепетинен “Бөрү” атайын кызматынын жоокери каза тапты. Дагы 13 адам ар кандай жарааттарды алышып, ооруканага кайрылышкан. Арасында абалы өтө оорлор да бар. Жергиликтүү тургундар жай тирилигин уланта албай калышты, айылда калуу кооптуу болгондуктан, коңшу айылдарга убактылуу көчүрүлүштү. Айрымдары башка жактагы туугандарынын үйүндө баш калкалашса, кээ бирлери социалдык объектилерде күн өткөрүүгө аргасыз болушту. Алардын үйүндө тирилиги, мал жандыгы, короо-жайы калды. Элди тынч жашатпай, көчүп-конууга, жанынан коркуп жакасын карманууга аргасыз кылган чек ара тилкелерин өз убагында тактоого аракет жасабаган тийиштүү кызматтардын айыбы экени анык. Канча жылдан бери чек ара көйгөйү өзүнүн бар экенин утур-утур эске салып келатат. Бирок ошондо да чечкиндүү аракеттер көрүлбөй, жаңжал чыкканда жан-жабыла барымыш болушуп, кайра эле кайдыгер мамиле жасап калышкан. Буга чейинки бир дагы мамлекет башчы Баткендин маселесине үңүлүп карай албаган, баары тең чек ара чырынын тереңдиги канчалык экенин биле беришпеди. Өз өлкөсүнө чоочун бирөөдөй көңүл кош мамиле жасап, такталбаган жер үчүн элдин канчалык азапка батканын байкагысы да келбеди.

Баткен облусун көп жыл башкарган Мамат Айбалаев буга чейин да чек ара жаңжалын алдын алуу боюнча пикирин билдирип келген. Бирок анын ынанымдуу кеңештерине бийлик кулак салбаганын белгилей кетели. Ал эми азыр экс-губернатор кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактарды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссия күнү-түнү иштеп, маселени чечиши керек дейт. Ал бийлик көзөмөл кылбагандыктан көптөгөн кыргыздар жерлерин тажиктерге сатып, башка жакка көчүп кетип жатканын белгилеген. Анткен менен жерлерди башка өлкөнүн жарандары сатып алганы менен аны Кыргызстандын аймагынан чыгарып кете албайт. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн шалаакылыгынан улам ушундай жагдай жаралууда.

Августтагы чек ара чырынан кийин президент Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон талаш аймактуу чек ара тилкесинде жолугушкан. Андан кийин жолугушуу Чолпон-Атада уланып, талаш маселелерге тактык киргендей эле болгон. 16-сентябрдагы чырда да жаңжал жаңы башталганда эки өлкөнүн чегара кызматынын жетекчилиги жолугуп, талаш аймактардагы курулуш иштерин токтото турууну чечишкен. Бирок ага карабай тажикстандыктар курулушту улантып, бул кыргыз тараптын нааразычылыгынын күчөшүнө алып келген. Мындан улам чек ара маселеси сүйлөшүү, жолугушуу менен чечилбеген чекке жетип калганы белгилүү болду. Кескин аракеттер, талаш аймактарды тактоо гана чек ара аймагындагы тургундардын жашоосун коопсуздандырбаса, башка бир да айла жардамга келбеши анык.

Кырдаал мамлекет башчысын жөн отургузган жок. Сооронбай Жээнбеков чек арада түзүлгөн кырдаал боюнча 17-сентябрда жумушчу кеңешмесин өткөрдү. Ага президенттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков жана президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Сыдыков катышты. Мамлекет башчысынын айтымында, чек ара аймагында чыр-чатак пайда болгондон баштап, толук ыкчам маалымат алып турган. Кеңешмеге катышкандар президентке Тажикстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөр жөнүндө маалымат беришти. Ок атуучу куралды биринчи болуп тажик тарап колдонгону дагы бир жолу белгиленди. Жээнбеков мындан ары чыр-чатакты курчутпай, жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана жаракат алган жарандарды зарылдыгына жараша Бишкек шаарындагы ооруканаларга алып келүү зарылдыгын белгиледи.

Мамлекет башчысынын кырдаал боюнча үн катканы жана тийиштүү аракеттерди көрө баштаганы демөөр байлатканы менен алдыда маселелер чечилбесе татаалдыктар толтура экени анык. Өзбекстан менен Тажикстан, Өзбекстан менен Казакстан чек ара тилкелерин эчак тактап алышкан, андыктан мындай чыр-чатактын жаралганын укпайбыз. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда да такталбаган аймактар бар, бул көйгөй да бир убактарда өзүн таанытары анык. Ой жүгүртүп көргөндө коңшу мамлекеттер арасында биздин өлкөдө гана бирде Өзбекстан, бирде Тажикстан менен чек ара чырлары чыгып турат. Демек Кыргызстан гана эгемендүүлүк алган жылдар ичинде чек ара маселесине терең карабаган. Коңшу өлкөлөр бири бири менен түшүнүүчүлүккө жетип, татаал маселе болгон делимитация жана демаркацияны жолго койгон маалда Кыргызстан талаштан башы чыкпады. Балким ушул жылдагы удаа-удаа кайталанган курал колдонуу жана адам өлүмү менен коштолгон чатак тийиштүү кызматтарды эсине келтирип, чек ара талашына чекит коюуга күч табаар?..

Арина Рысбаева

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: