Menu

Өкмөттүн сулуулук салондоруна шилекейи акты

Бөлүшүү:

Депутат Дастан Бекешев соцтармактагы баракчасына өкмөт сулуулук салондорго, чачтарачтарга жана акча алмаштыруучу жайларга салыкты көбөйтүүнү сунуштаганын жазды. “Акча алмаштыруу жайларына салыктын кебөйтүлүшүнө каршы эмесмин, бирок чачтарачканалар менен сулуулук салондоруна каршымын. Бул тармак көп адамды жумуш менен камсыз кылат”,- деген депутат.

Өкмөттүн мындай сунушун коомчулук колдоого албай турганы депутаттын билдирүүсүнөн кийин эле белгилүү боло түшкөнсүдү. Анткени комментарийлерде өзүн өзү багып, элди да жумуш менен камсыз кылып жаткан тармактын кирешесине көз арткан өкмөткө сын көбүрөөк айтылган. Жарандык активист Рита Карасартова да өкмөттүн бул чечимин ойлонулбаган деп баалады. “Кыргызстанда бул сыяктуу тажрыйба бар, оюн бизнесине салыкты көбөйтүштү эле, баары жашыруун иштөөгө өтүп алышты. Сулуулук салондору менен да ушундай эле көрүнүш кайталанышы мүмкүн. Өкмөт кыязы сулуулук салондорунда бай адамдар иштейт деп ойлоп алган го. Мамлекет бардык ишкерлер салыкты төлөсүн үчүн кампания башташ керек. Бирок өлчөм абдан ылдый болушу шарт, ошондо баары тең төлөп башташат”,- деди Карасартова.

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: