16-сентябрда Гүлнара Каримованын кызы Иман Шавкат Мирзиёевдин өкмөтүнө кайрылып, жакын арада дүйнө коомчулугуна Өзбекстандагы коррупция тууралуу жашыруун фактыларды ачыкка чыгарарын эскертти.
Лондондо жашаган Иман Каримова Instagram-аккаунтунда апасына байланыштуу өтүп жаткан сот жараяндарын «клоунада жана цирк» деп атады.
«Алдыдагы бир нече күн ичинде ар бир эл аралык сотко жана коррупцияны иликтеген белгилүү эл аралык компанияларга апабыздын жана биздин колубуздагы бийликти сестенткен фактылар камтылган документтердин бир бөлүгү жөнөтүлөт. Калктын көңүлүн бул маалыматтан алагды кылып коюу мүмкүн эмес», – деп жазды Иман Каримова.
Иман Каримова азыркы бийликтин коррупцияга тиешеси бар экенин тастыктаган фактылар тууралуу айтып, бирок чиновниктердин аттарын атаган жок.
Иман Каримова эскертүү берген күнү адвокат Грегуар Манжа Гүлнара Каримовага карата дагы бир жашыруун сот жараяны башталганын, ага кызы киргизилбегенин маалымдады.
Өткөн айда Өзбекстандын прокуратурасы экс-президенттин кызы Гүлнара Каримовага карата дагы эки кылмыш иши козголгонун билдирген. Бул ирет Каримова «Өзбекстандын кызыкчылыгына туура келбеген келишим түзгөн, мамлекеттик каражатты уурдаган, башка бирөөнүн мүлкүн опузалап тартып алган» деп айыпталып жатат.
47 жаштагы Гүлнара Каримова 2017-жылы атасы көз жумгандан кийин «Салык төлөөдөн качуу», «Акча уурдоо», «Опузалоо» жана «Офшордук компаниялардын документтерин жок кылуу» беренелери менен 10 жылга эркинен ажыратылган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ