Menu

Баткен: Максат айылынан коопсуз жайга чыккан 128 адам үйүнө кайта элек

Бөлүшүү:

Баткен облусундагы чек арада атышуу болгондон кийин, ал аймакка жакын Максат айылынан коопсуз жайга убактылуу чыгып кеткен 128 тургун үйлөрүнө кайта элек. Бул тууралуу Бешкент айыл өкмөтүнүн өкүлү кабарлады.

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда болгон атышуудан кийин Максат айылынын айрым тургундары жеке коопсуздугун ойлоп үйлөрүнөн чыгып кетишкен. 150дөй киши кошуна Бешкент айыл өкмөтүнүн Эски Овчу айылындагы мектепке жайгаштырылган болчу.

16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде атышуу болгон. Андан 41 жаштагы бир кыргыз чек арачысы курман болуп, дагы 13 адам ар кандай жаракат алган. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы жарадарлардын жетөө аскер адамдары, ал эми алты адам Лейлектеги Максат айылынын тургундары экенин билдирген. Жаракат алган 10 жаран толугураак дарыланышы үчүн 17-сентябрда Бишкекке жеткирилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 − 32 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: