Бүгүн, 18-сентябрда “Бизнес Азия” борборунда Адахан Мадумаровдун кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча уюштурган пресс-конференциясы болуп өттү.
Алгачкы эле сөз чек арадагы жаңжал башталганга чейинки кырдаалды айтыш үчүн келген Баткен облусунун жергиликтүү депутаттарын камоо жөнүндө болду. Бийликтин бул кылганын А. Мадумаров кыргыз бийлигинин өз элине болгон чыккынчылыгы катары кабыл аларын айтты.
Журналисттердин: “Чек ара маселесин кантип чечсек болот?”- деген суроосуна: “Эгерде тажик тарап өзүнүн милдеттемесин аткарбай жаткан болсо, кыргыз тарап да өз милдетин аткарбай жолду бууп салыш керек. Сох, Ворух деген жерлерди тосушу керек, эгер күчү болсо. Кучактап далынан таптап койсо эле эси ооп отуруп калган болбойт” –деп жооп кайтарды.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ