Menu

OTF: Орусия менен Кытай аңдуу жана цензура технологияларын 110 өлкөгө экспорттоодо

Бөлүшүү:

Орусия менен Кытай маалыматты көзөмөлдөө үлгүсү, аңдуу технологиясы аркылуу цензураны 110 өлкөгө таратууда.

Бул тууралуу америкалык Ачык технологиялар фонду (Open Technology Fund) жарыялаган баяндамада айтылат. Орусия менен Кытай сунуштаган технологияны бул өлкөлөр сатып же көчүрүп алышкан.

Баяндамада маалыматты көзөмөлдөө технологиясы Кытай жана Орусия менен байланышы бар авторитардык жана гибриддик өлкөлөрдө тараганы айтылат. Маалыматты көзөмөлдөө технологиясы, маалыматты башкаруу ыкмалары жана тиешелүү мыйзамдар “Бир алкак- бир жол” демилгесине кошулган мамлекеттерде жана КМШ өлкөлөрүндө кеңири колдонулуп жатканы белгиленген.

Баяндамада Кытай менен Орусиянын маалыматты көзөмөлдөө технологиясы соңку 13 жылда өтө өзгөргөнү, мурда чет өлкөлөргө ачык цензура менен аңдуу куралдары жеткирилген болсо, соңку убакта жаңы технологиялар колдонулуп жатканы айтылат. Маселен, адамдын жүзүн тааный турган көзөмөл камералары, смарт-карт форматындагы жабдуулар, бийликке арналган маалымат базасы, акылдуу шаар технологиялары дүйнө жүзү боюнча тарала баштаганы эске салынган.

Баяндаманын автору Валентин Вебер мындай аракеттерге демократиялык өлкөлөрдүн жооп кайтарышы кыйын экенин, түрдүү максатта жасалган технологиянын таралышына тыюу салуу мүмкүн эместигин билдирген. Анын үстүндө демократиялык өлкөлөр өздөрү дагы көзөмөлдөө технологияларын сатып ала башташкан.

Вебердин пикиринде, демократиялык өлкөлөр карапайым кишилер колдонгон байланыш куралдарын түрдүү аңдуу технологияларынан коргоо амалдарын ойлонуштурууга тийиш.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: