Menu

Фото – Жогорку Кеӊештин депутаттар тобу “Кумтөр” алтын кенинин азыркы абалы менен жеринен таанышып келди

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети “Кумтөргө” кен казуу үчүн Сарычат-Ээрташ коругунан 4380 гектар жер берилип, 16 миң гектар жер компанияга өтүп кетти деген маалыматтын чын төгүнүн тактоо үчүн “Кумтөрдө” көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.

Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигин директорунун орун басары Элдияр Шерипов коруктун аянты кеңейтилип, “Кумтөрдүн” аймагы менен тек гана чектешип калган деп ырастады. “Социалдык тармактарда коомчулукту дүрбөлөңгө салып жаткан корукту берүү тууралуу  эч кандай өкмөттүн токтому жок, биз токтом менен иш алып барабыз, бул тастыкталган, аны далилдеп беребиз. Болгону бир кат болгон экен. Ал кагаздын юридикалык күчү жок. Чынкожоевден сурасак, ал деле андай катка кол койгону эсинде жок экен”, – деди ал.

Ал эми коомчулукта талаш-тартыш жаратып жаткан 16миң гектар жер аянты боюнча депутаттар “Кумтөрдүн” өкүлдөрүнөн сурады. Компаниянын өкүлдөрү маалымдагандай, алгач кен казуу иши башталган 1994-жылы компанияга 10 миң гектар жер бөлүнгөн. Кийин 2009-жылы Өкмөт менен келишип, чалгындоо үчүн дагы 16 миң гектар жер берилген. Учурда “Кумтөрдүн” балансында 26000 гектар жери бар. “Ишкананын өкүлдөрүнүн айтканына караганда, азыр мурунку алган 10 000 гектар жердин аймагында жүргүзүүдө. Ал эми 16 миӊ гектар жерде келечекте кен казуу иши болбойт деп айтып жатышат”, – деди эл өкүлү Нурбек Алимбеков

Компаниянын адистери билдиргендей, буга чейин жалпысынан 485 тонна алтын казып алышкан. Кумтөрдө дагы 107 тоннадай алтын бар. Калган алтынды 2025-жылга чейин казып алышмакчы. Бирок инвесторлор жаңы келишимге жетишүү менен “Кумтөрдүн”  өмүрүн узартууну ниет кылууда. Алар геочалгындоо ишин жүргүзүп, кен казуу иштерин улантууну сунуштоодо. “Чалгындоо иштерине 24 млн доллар керек экен. Азыр кыргыз өкмөтү менен Центерранын ортосунда бул акчаны ким берет деген маселе болуп жатыптыр”, – депутат Сагынбек Келдибаев деген пикирин билдирди.

“Кумтөрдөгү” уулуу калдыктарды сактоочу жайда болжолу 100 тоннадай алтын бар. Инвесторлор калдыкты кайра иштетип, баалуу металлды ажыратып алууну пландап жатыптыр. Депутаттар, тийиштүү мекемелердин жетекчилери Петров көлү менен мөңгүлөрдүн абалын көрдү. Эл өкүлдөрү Кумтөр токтобошу керектигин белгилеп, ошол эле учурда, экологиялык талаптарды сактоону биринчи орунга коюлушу керектигин айтты.

Парламент жана өкмөт мүчөлөрү борбордук карьердеги кен казуу иши, компаниянын техникалык базасы, алтын ылгоочу фабрикадагы иш  менен таанышты. Фабриканын менеджери Нурдин Үсөнов ишканада иштеген чет элдик адистерин ырааттуу түрдө жергиликтүү кадрлар менен алмаштырылып, 97 пайызы Кыргызстандын жарандары түзүп калганын билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 76 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: