Menu

Чындык ачуу, бирок ансыз жашоо мүмкүн эмес! Же жөн жерден чуу салган Карыбай Турусбековго жооп

Бөлүшүү:

“Майдан.кg” гезитинин ушул жылдын 28-августундагы “Эл бузулардан мурда – молдолору айныйт!” – деген макалабызга Карыбай Турусбеков деген урматтуу адамдын чагылгандай тездикте реакция жасап, макалада козголгон жана башка анын алкагынан сырткары калган маселелер боюнча ойлорун, сунуштарын айткандыгы аябай кубандырды. Макалабы же башкасыбы, айтор, чын дилден жазылган материал үчүн үймөк чөпкө ыргытылган ийнедей ың-жыңы билинбей, эч кимге байкалбай, эч кимде оң-терс реакция жаратпай кагазда саргайып, андан ары от тамызгыга же макулатурага айланып жок болгондон өткөн аянычтуу көрүнүш жок. Биздин макалабызды андай тагдырга туш кылбай агабыздын дагы бир ирет ага окурмандардын көңүлүн бурдургандыгына ырахматыбызды гана айтабыз.

Эми түз конкреттүү темага өтөлү. Биздин жогоруда аталган макалабызда мурдагы президент Алмаз Атамбаев бир жылдан ашык убакыт бою түз жана кыйыр түрдө трайбалисттик, экстремисттик чакырыктарды, кайрылууларды жасап, акыркы бир жарым айда Кой-Таштагы хан сарайына бекинип алып, сурактарга келбей, курал-жарактарды топтоп, эгерде алып кеткени барышса, атышарын айтып, “атүгүл “Кой-Таш элдик республикасы түзүлдү” деп жарыялаганда да аксакалдар, таасирлүүлөр эмне үчүн аны акылга, тартипке чакырышпады? – деген конкреттүү суроо коюп, ага жооп издеп, тилекке каршы, ал ачык террористтик аракеттерге өтүп, адамдардын кандары төгүлгөндө да алар кайдыгер карап турушкандыгын айтканбыз.

Аксакалдарды “ак шакалдар” деген атка кондурган АША мүмкүн аларга энелер кошулуп барышса деле өзүнүн кыянаттуу оюнан кайтмак эмес, бирок болсо болбосо да андай аракеттерди жасап көрүү Чүйдөрү гана эмес, жалпы Кыргызстандагы өздөрүн элдин аксакалымын деп жүргөндөрдүн милдети болчу. Өзүңүздөр ойлоп көрүңүздөр, өздөрүн акылга, тажрыйбага бай деп эсептегендер кан төгүлгөнү жатканда айтпаган акылдарын, башка кай жерде айтышат? Башка убактарда анын кереги барбы? Бирок, тилекке каршы, чечүүчү учурда алардын басымдуу көпчүлүгү элдин эмес, аш менен жаштын аксакалдары гана экендиктерин көрсөтүшкөндөрүн канчалык ачуу тийсе да ачык айтуубуз керек. Парасаттары жаштын, аштын аксакалдыгынан жогору көтөрүлө албагандарды элдин, куттуу жердин аксакалы деп айтканга болбойт.

Элибиз “убагында айтпаса, сөздүн атасы өлөт”, “жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап” десе, бир чыгаан “убагында айтылбаган сөз карып” деген нуска калтырган. Сөздү карып кылып өлтүргөн – жандуу нерсени өлтүргөндөй эле. Анткени, сөздүн жаны да, убалы да болот. Эски Инжилде: “баарынан мурда сөз болгон” деп бекер айтылбайт. Азыр фантастикалык геростраттар жөнүндө айгай салып жатышкандар эмне үчүн реалдуу башкы Герострат Кой-Ташта Драгуновдун снайпердик винтовкасы менен альфачыларды атып, барымтага алынгандарды кордоп, кичинекей айылда элдик республиканы түзгөндүгүн жарыялаганда же анын айрым жан-жөкөрлөрү “тигил аймактардан чыккандардын бизнестерин, мүлктөрүн талкалап, өрттөгүлө”- деп ачык чакырык кылып жатышканда, ооздоруна талкан тыгып алышкандай унчугушпады да, ал фактыларды бизге окшоп жымсалдабай ачык айткандарга опурулушуп, энциклопедия аз келгенсип, мифология, легендалар менен опузалашууда? 7-8-августта элди ынтымакка, биримдикке, ал эми АШАны эси барда этегин жаап, колго түшүп берүүгө чакырган Топчубек Тургуналиев, Табылды Акеров баштаган 5-6 эле адам болгондугу, калган демейде тилдери тынбаган айтармандар, билермандар, көрөрмандар “ар жагы эмне болуп кетет?”- деп быгып калышкандары да чындык.

Жалган сөз – ширин, чындык – аябагандай ачуу. Ачуу чындык эч кимге жакпайт, аны чыныгы акылмандар гана көтөрөт. Дары-дармектердин деле көпчүлүгү ачуу болот, коомдогу дарттарды ширин жалган сөздөр эмес, дарылык касиети бар ачуу чындыктар гана дарылайт. Сизге 7-8-августтагы окуялардагы абал жөнүндө эмес, республиканын аймактарынын тарыхый өнүгүү өзгөчөлүктөрү, анын айрым кесепеттери жөнүндө айткандарыбыз катуу тийип, жаалыңызды келтиргендиги макалаңыздын тутумунан оркоюп эле байкалып турат. Бирок, тарых ошондой болсо, биз аны канча кааласак деле бурмалап, өзүбүз каалаган жакка бура албайбыз. Айрымдар аны канчалык бурмалашып, айрым чыккынчыларды, бир сайдын элине күн көрсөтпөгөн чоң муштум аяк бошоторлорду даңазалоого аракеттенишсе да чыныгы тарыхый фактылар каптан шибеге чыккандай эле көрүнүп, алардын абийирлерин айрандай төгүп салып жатпайбы. Башка элдерде элин, жерин душмандардан коргошкон эр жүрөктөр баатыр делинсе, Сиз мыкты интеллигент деп эсептеген мударис К.Исаевдин аныктамасы боюнча, кыргыздарда баатырлыктын онго жакын түрү болгон. Тилекке каршы, кыргызда бир казан этти өзү жеп, бир жапма челек бозону жалгыз түгөтүп, анын деми менен эки-үч адамды аттан жыга түрткөндөр, коңшу айылдагылардын жылкыларын уурдап айдап келгендер, атүгүл баскынчыларга энесинин тонун бат атар мылтыкка же жаркылдаган кыңырак кылычка алмашып алгандар деле баатыр деп атала берген. Мага ишенбесеңиз, аны мударистин өзүнөн же китептеринен тактасаңыз болот.

Сиз макалаңызда ыгы келсе, келбесе да Кокон хандыгы жөнүндө бир нече жолу айтыпсыз. Сизге жагабы, жакпайбы, анын эч кимге деле ысык-суугу жок, бирок чындык ушундай болсо эмне кылабыз, феодалдык түзүлүшкө салыштырганда монархиялык болсо да чыныгы хандык тарыхый жактан алдыга жасалган прогрессивдүү чоң кадам экендиги илимде такталган, ал бир да окумалда талаш туудурбайт. Анан Кокон хандыгын ренаимациялагысы келген, теги Кокондук сыпайлардан чыккан Алмаз Атамбаев деген адам болгондугун, ал кызматынан кеткенден кийин да 2040-жылга чейин Кыргызстанга аталык болгусу келген планы ишке ашпай калгандан кийин күйүтүнө чыдабай, снайпердик винтовкасын көтөрүп, экстремисттик чакырыктар менен чыккандыгын сиз деле билет болушуңуз керек. АША Кокон жөнүндө айтып, күкүктөй өз атын өзү чакырчу, ал ошондой оргу-баргы адам эле, бирок ага кошулуп күкүк болгудай Сизге эмне күч келди экен? Кылымдык коррупциялык иштер, бир адамды өлтүрүп, төрт адамды жарадар кылгандыгы үчүн айыпталып жаткан рецидивистти актап, жактагандан деги ким абийир табат? АША мыйзамдуу чакырууларга келбей, алып келүү үчүн баргандарды атканда эле цивилдүү дүйнө, мыйзамдуу чөйрө үчүн “өлгөн”. Эми аны реабилитациялоо практикалык жактан мүмкүн эмес.

Сиз макалаңызда “Ошол себептен азыркы бийлик өзү жараткан кризиске өзү кептелип..,”, “Ханды кудай урарда, өз элине кас болот” деп жазыпсыз. АША Кыргызстанда кош бийлик орнотконго аракеттенип, өлкөнү кризиске түрткүсү келди эле, ал кутум ою ишке ашпады. Ал барчу жерине баргандан кийин кризистин изи деле калбады. Сиз деги кайсыл кризисти айтып жатасыз? Же түшүңүзгө киргендиби? “Ханды кудай урарда…” дегениңиз да реалдуу кырдаалга таптакыр жакындашпайт. Азыркы бийликке ичкичтер, жегичтер, кармалгандардын, камалгандардын жакындары ызырынышууда, бирок коррупцияга каршы күрөштү эл колдоп жатат. Эгерде коррупция ооздукталбаса, өлкөдө тартип болбосо, Кыргызстан кийинки отуз жылда да оңолбойт. Мурдагы советтик мезгилде экономикалык, социалдык көрсөткүчтөрү боюнча 15 республиканын ичинде дайыма ортодон жогору жүрсө, азыр КМШда эң арткы орунду бекем ээлегенибиз, ички дүң жыйымдын ар адамга эсептегендеги көлөмү боюнча 1990-жылдагы көрсөткүчтүн жарымына да жетпегенибиз Сизди ойлондуруп, намыстандырбайбы? Эки жылдык жарандык согушту баштан өткөргөн Тажикстан борборун таанылгыстай өзгөрттү, жалпы кубаттуулугу 17 млрд. квт/саат Рогун ГЭСинин жарымын өз күчү менен куруп бүткөрүп, эки агрегатын ишке киргизди. Ал эми биз жаңысын курмак түгүл, мурдагы советтик мезгилде курулгандарды кредиттердин эсебинен оңдоп жатабыз. Өлкөбүздү мындай перманенттүү оор кризиске кимдер айдап киргизди эле? Ким андан чыгарганга жан үрөп иштөөдө? Же өлкөнүн ИДЖсы быйылкы жылдын өткөн мезгилинде 6,2 пайыз өсүп, жалпысынан 16 млрд. долларлык инвестицияларды тартууга (кредит эмес) кол коюлуп, мугалимдердин айлыктары 30 пайыз көбөйтүлгөнү жаман көрсөткүчпү?

Биздин “чыныгы интеллигенттер” деген тизмеңизде айрым чет өлкөлөрдөн чалгынчы болуп келгендер да жүрөт, калгандары туура, ага мен да кошулам, бирок алардын арасына 2 тоннадай алтынды чет өлкөгө чыгарып, андан ары изин таппай калгандыгы, базардык деңгээлдеги сөздөрү үчүн иштен айдалган экс-премьер-министр, башкаларын айтпай эле коёлу, өзүн бир убакта Акаевдин ак болот кылычы деп жараналап алып, ар кимдерге асылып, жердешчилик чакырыктары үчүн Кыргызстандагы эң башкы трайбалист аталып, анан аңгилик кылганга аракеттенгендиги үчүн бир ЖОЖдон да айдалгандын да аты-жөндөрү жүргөндүгү таң калтырды. Сиздин интеллект, интеллигенция жөнүндөгү түшүнүгүңүз чындыгында эле оригиналдуу экен.

Сиздин тымызын кыйыр опузаларыңыздын баарын көнүлүбүздүн сыртынан кетирдик. Ал эми башкасына келе турган болсок, макалабыздын эч жеринде элди душман деген эмеспиз. Ал Сиздин ашкере эмоцияңыздан, фантазияңыздан жаралгандар. Макалабызда “Эл бузулардан мурда анын молдолору айныйт”- деген чын окшойт. “Кыргыздардын баары бузулуп баратышат дегенден алыспыз, бирок ойлондурарлык көп нерселер бар” деп жазганбыз. Же сиз улама, муфтийлик деңгээлдеги молдокелердин арак-шарап чыгаргычтарга үгүтчү болуп жүргөндөрүн туура деп эсептейсизби?

Мында мурдагы макалабызда айтылган сүйлөмдү дагы бир жолу келтиребиз. “Элдин биримдиги, мамлекеттин бүтүндүгү эч качан эриккендер, зериккендер, ич күптүлөрү барлар эрмектешкидей оюнга айландырылбашы керек.” Андай экстремисттик, деструктивдүү көрүнүштөргө карата убагында мыйзамдуу катаал чаралар көрүлүшү зарыл деген оюбузду дагы бир жолу бекемдейбиз. Антпесе мамлекеттигибиз ичтен ыдырай берет. Же сизге бийликке нааразы болгондордун мыйзамга баш ийбей винтовка, автоматтар менен каршылык көрсөткөндөрү жагабы? Демократиялуу, цивилдүү өлкөлөрдө андай болбойт, андай иштерге баргандар багынышпаса, ордунда жок кылынат.

Өлкөбүз көптөн бери адеп ахлактык, моралдык дарттардын тилкесинде келатат. Аны жашырбай ачык айтып, айыктыруунун, четтетүүнүн чараларын көрүү керек, “ооруну жашырса, өлүм ашкере кылат” дегенди унутпашыбыз зарыл.

Автандил Белеков

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 30 = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: