Menu

Фото – Элчи Эринес Оторбаев Виттенберг шаарына иш-сапары менен барды

Бөлүшүү:

Кечээ, 17-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Эринес Оторбаев Саксония-Анхальт федералдык округунда жайгашкан Виттенберг шаарына иш-сапары менен барды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

 Виттенберг шаарынан Мэри Торстен Цугехер мырза менен сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, алардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүгү жана келечеги талкууланды, анын ичинде шаарлар ортосундагы кызматташтыкты түзүү маселеси каралды.

 Сапардын алкагында Элчи Э.Оторбаев ар кандай тармактарда пайдалануучу түрдүү кубаттуулуктагы электр батараяларды чыгарган «Tesvolt» компаниясына, Германияда алдыңкылардан болгон Кардиологиялык бейтапканага жана айыл чарба коперативине барды.

 Тажрыйба менен алмашуу, кыргызстандык адистердин практикасын уюштуруу жана биздин өлкө менен өнөктөштүктү түзүү боюнча кызматташтыктын багыттары талкууланды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: