Menu

Видео – Конрад Войтушак, Польшалык турист: “Мен Кыргызстанга көчмөндөрдүн жашоо турмушун издеп келдим, көчмөндөрчө жашагым келет, мурунку жашоомдо көчмөн, балким кыргыз болсом керек”

Бөлүшүү:

Өзүн жаңыдан баштаган жаш саякатчы деп атаган 25 жаштагы поляк Конрад Войтушак биздин тоолорубузга суктанганын айтып, биз менен маек курду. Конрад Кыргызстанга мурунку көчмөндөрдүн жашоо салттарын көргөнү атайын издеп келиптир. Алыскы тоолордун арасында, адамдар аз, машиналар, ызы-чуу жок, ээн жерде көчмөндөрчө боз үйдө жашагысы келерин айтат.

-Саламатсызбы, Конрад мырза? Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

-Саламатсыздарбы, менин атым Конрад. Мен Польшанын Краков шаарында жашап жана күзөтчү болуп  иштейм. Ата-энем 120 км алыстыктагы айылда турушат. Жөнөкөй кишилердин үй бүлөсүнөнмүн, карындашым бар. Бизди чоңойтуп, бутубузга тургузгунча ата-энебиз алыска саякаттай алышкан эмес. Азыр карындашым экөөбүз тең иштеп, өзүбүздү-өзүбүз багып, акча таба баштагандан тартып ата-энебиз да саякаттай башташты. Анан үйдө 92 жаштагы чоң энебиз бар. Алигиче кайраттуу киши. Узак жашап келе жатканынын сырын сурасак “сарымсак пияз көп жейм” деп тамашалайт. Бирок чынында эле сарымсак пиязды күн сайын жеп турат.

-Качан саякаттап баштадыңыз?

-Бир жыл мурда саякаттап баштагам. Ал кезде жумуштан Украиналык кыз менен таанышып калдым.  Экөөбүз дос болдук, анан мен анын тилин үйрөнө баштадым. Бирок бир нече убакыт токтоткондон кийин кайра уланттым. Ойлоп көрсөм украин тилинде  Украиналыктар менен эле сүйлөшө алат экенмин. Анан орусчаны үйрөнөйүн деп чечтим. Анткени ал эл аралык тилге кирет. Негизи саякаттаганга  убактым, акчам жок болуп жатты. Бирок Орусияга келгеним менен саякатоом башталды. Алгач Москвага келдим, анан Казань шаарына бардым, андан машина менен Томск шаарына чейин жеттим. Байкал көлүндө болдум.

-Орус тилин канча убакыт үйрөндүңүз?

-8-9 айда үйрөндүм.

-Кайсы өлкөлөрдө болдуңуз?

Саякаттоону Орусиядан баштадым, кийин Украинага, Литва, Латвия, Грузия, Казакстан  өлкөлөрүндө болуп, эми Кыргызстанга келдим.

-Ал өлкөлөр эмнеси менен бири-биринен айырмаланат экен?

-Бул өлкөлөр бири-биринен маданияты, адамдардын мамилеси жана жашоо образы менен айырмаланып турат.

-Сизди Кыргызстандын эмнеси таң калтырды?

-Менин бир нерсеге таң калтырыш кыйын. Бирок бул жердин тоолору кооз, элдери жагымдуу экен. Кыргызстан мен жактырган өлкө болуп калды.

-Эмне болуп Кыргызстанга келип калдыныз?

-Орус тилин үйрөнгөндүктөн орус  тилдүү мамлекеттерге саякаттагым келди.  Азыр эмгек өргүүсүнө чыгып Кыргызстанда эс алып атам. Бара турган өлкөнү тандап жатканда мемиреген тынч, адамдар аз, машиналар, ызы-чуу жок тоолордо, боз үйдө жашап көрүүнү каалагам. Ошондуктан Кыргызстандын тоолоруна бардым, күнгө күйдүм. Алгач келгенде эки күн Бишкекти айланып көрдүм,  анан үчүнчү күнү менин бир жаңы кыргыз досум Аламүдүн капчыгайынын түпкүрүнө чейин алып барды. Төртүнчү күнү Суусамыр менен Чаектин ортосундагы Кызыл-Ой деген айылга чыгып кеттим. Ээн тоодо ат минип, кечинде боз үйдө уктагым келген. Мен көчмөн элдердин жашоосуна дайыма кызыгам. Көчмөндөрчө жашагым келет. Кыязы мурунку жашоомдо көчмөн болсом керек. Балким кыргыз болгон болушум мүмкүн (жылмаят). Бирок, биз Суусамырга баргандан эки күн мурун суук түшүп,  боз үйлөрдү чечип эл ылдыйга түшүп кеткенин айтышты. Кааласаң тоонун башына брезент чатыр тигип беребиз дешти. Турдун планы боюнча биз Кызыл-Ойдон эрте менен 9да ат минип тоого чыгып кетип, бир күн кечке жүрүп, кечинде боз үйдө уктамакпыз. Малчылардын турмушун көрүп, алардын тамагын ичмекмин. Ушундай турду макулдашканбыз. Бирок “ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дегендей суук эрте  түшүп, боз үйлөрдү чечип, малчылар ылдыйга түшүп кетишиптир. Ошондуктан тоонун бир тарабына эле саякаттап кайтып, эртеси башка жагына бардык. Үч түн тең Кызыл-Ойдо түнөдүм.

-Тоого ким менен бардыңыз?

-Мен жол көрсөткөн адам (гид) менен бардым. Ал аябай жакшы адам экен. Аты Султан. Мен боз үйгө түнөй албай калганыма ал менден кем эмес кейиди окшойт.

-Саякаттап келе жаткан өлкөлөрдө кандай кызыктуу окуяларга кабылдыңыз?

-Кызыктуу окуялар көп эле болот. Мени бир жолу туристтердин Каучсерфинг ресурсунан таанышкан Москвалык досум үйүнө түнөп кетүүгө чакырды. Анын үйүнө келип чер жазылгынча сүйлөштүк. Анан үйүндө бир коён ойноп жүрүптүр, “муну торуна киргизип койбойсунбу” десем, “мунун тору жок, мени менен кошо жашайт” дейт. “Биз уктап жатканда келип тийишпейби?” десем, “бутуңду тиштегилейт, бирок сен каршылык көрсөтүп теппе, тепсең кайра күч алат, уктатпай коёт” деди. Жатарда сууга түшүп алайын деп ваннасына кирсем, ваннасына суу толтуруп, деңиз ташбакаларын коюп жиберген экен, алар жыргап сүзүп жүрүшөт. Анан досум бир чоң чарага суу куюп, ташбакаларын ошол жакка алып, мага ваннасын 20 мүнөткө бошотуп берди. Эптеп сууга чайынып алып, жатчу жериме жатарым менен коёну жетип келип, бутумду тиштегилейт, бети-башымды тиштегилейт, уктай албай туруп кетип “ушу кантип болсун?” деп нааразылансам Москвалык досум “сен интернетте “жаныбарларды жакшы көрөм” деп жазбадың беле?” деп таң калат. Мен албетте жаныбарларды жакшы көрөм, бирок алар менен чоогу жашай албайм. Алардын өзүнүн жашоо орду бар, адамдардыкы өзүнчө десем, мени такыр түшүнбөй койду. Ошентип Москвада бир түн уктай албай чыктым. Эртеси досум менен коштошуп, башка жакка кеттим…

Томскиде бир жаш кыз менен таанышсам ал “Мен мурунку жашоомдо Польшадагы Освенцимде, фашисттердин концлагеринде туткун болуп жашагам. Күнү бүгүнкүдөй эсимде. Жакында Польшага келип, Освенцимге сени ээрчитип барып, биз туткундар дубалдын түбүн казып көмүп кеткен катыбызды таап берем” деп, дагы көп сөздөрдү айтты. Мен оозум ачылды да калды. Карасам акыл-эстүү, сулуу, ийгиликтүү ишкер кыз экен. Жакында мага кат жазды. Бир курдаш кызы менен Польшага келишет экен. Анан Освенцимге барып, дубалдын түбүнө катылган катты издейт экенбиз. Үч жума калды. Мен Кыргызстандан кайтып Польшага келгенден кийин ошол Россиялык меймандарымды тосуп алам. Анан айткандарынын канчасы чын чыгары мага да кызык болуп турат…

-Дагы кайсы өлкөлөргө барайын деп жатасыз?

-Өзбекстанга, Монголияга, Шотландияга, Мексикага баргым келет. Калганын азырынча ойлоно элекмин.

-Качан кетесиз Кыргызстандан?

-Бүгүн кетем. Бирок кийинки жылы келейин деп атам. Мен сени сүйөм Кыргызстан!

Конрад Войтушак Россияда

Конрад Войтушак Грузияда

Конрад Войтушак Грузияда

Конрад Войтушак Байкал көлүндө

Конрад Войтушак “чач тарачка барбай эле чачымды өзүм алып алам” дейт

Конрад Войтушак Кыргызстанда

Булак: KyrgyzToday.kg            

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: