Menu

Бишкектеги Кара-Көл көчөсүндө жайгашкан №58 үйдүн өз чегинен өтүп салынган дарбазасы түрттүрүлдү

Бөлүшүү:

Кечээ, 18-сентябрда Бишкектеги Кара-Көл көчөсүндө жайгашкан №58 үйдүн өз чегинен өтүп салынган дарбазасы түрттүрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мэриядан кабарлашкандай, дарбаза муниципалдык аймакта жайгашкан. Документ боюнча үй ээлерине 5,5 сотых жер таандык. Бирок иш жүзүндө 8,5 сотых аянт тосулуп алынган.

Белгилей кетсек, үйдүн ээлери буга каршы чыгышкан. Алар эшигин ачуудан баш тарткан.

Маалыматка таянсак, турак жай Токтоналиев көчөсүнө келип такалган жерде, “Ала-Арча” дарыясындагы көпүрөнүн аркы бетинде жайгашкан.

Мэриядан Кара-Көл көчөсүндөгү дагы сегиз дарбаза бир метрден төрт метрге чейин муниципалдык аймакка кирип кеткенин айтышты. Үй ээлери менен соттук териштирүүлөр биринчи жылы өтүп жаткан жок. Үч дарбаза боюнча соттун чечими чыгып, жакынкы аралыкта алынат. Дагы бешөө боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, көпүрө аркылуу Токтоналиев көчөсү Медеров менен байланышып, жарандарга шаардын чыгыш жана түндүк тарабына чыгууга жол ачылат. Көпүрөнүн узундугу 35 метр, туурасы 15, тротуарларды кошкондо жалпы аянты 21,5 метр. Көпүрө дээрлик курулуп бүтүп калды.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: