Menu

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова И.Раззаков атындагы КМТУнун 65 жылдык маарекесине арналган салтанатка катышты

Бөлүшүү:

Кечээ, 18-сентябрда Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) 65 жылдык маарекесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Алтынай Өмүрбекова аталган окуу жайдын студенттерин жана профессордук-окутуучу курамын Өкмөттүн атынан бул маанилүү күн менен куттуктады.

Вице-премьер-министр белгилегендей, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети ар дайым активдүү иш жүргүзүп келет жана жүздөгөн жогорку квалификациялуу жана кесипкөй кадрлар менен инсандарды даярдаган окуу жай болуп саналат.

«Бүгүнкү күнү билим берүү жана илим адамдарды жана коомду туруктуу өнүктүрүүнүн маанилүү компоненти болуп эсептелет. Тактап айтканда, заманбап цивилизацияны өнүктүрүүдө өлкөнүн жана элдин социалдык-экономикалык жетишкендиктеринин башкы куралы катары билим берүү саналат», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Ал баса белгилегендей, ааламдашуу доорунда маалыматтык индустрия ыкчам темп менен өнүгүүдө жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети коомдун суроо-талабын түшүнүүгө жана жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо үчүн өзүнүн билим берүү тутумун өркүндөтүүгө тийиш.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 99

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: