Menu

Тажикстан такталбаган аймакка баштаган курулуш иштерин токтотту

Бөлүшүү:

Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган аймактагы курулуш иштерин токтотту, деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы.
Лейлек районунун Максат айылындагы футбол талаасынын аймагындагы курулуш иштери 16-сентябрда токтотулган. Ал эми кечээ 18-сентябрда Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) айылындагы курулуш иштери токтотулду.
Чек ара кызматынын маалыматына караганда, учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу. Аймакта бардык өткөрмө пункттар штаттык режимде иштеп жатат. Ошондой эле «Кулунду—унаа жолу» өткөрмө пунктунда Тажикстан тарап Кыргызстан менен Тажикстандык жарандарын өткөрүп баштады.
«Ошондой эле Кыргызстандын Чек ара кызматынын бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Кыргызстан жана Тажикстандын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү улантууда», – деп айтылат билдирүүдө.
————-
Белгилей кетсек, 16-сентябрь күнү кечинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал курчуп, Лейлек районунун Максат айылындагы футбол талаасындагы аймакта саат 19:00-19:40 чамасында ок атылган.

Булак:KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 74 = 76

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: