Menu

Хабиб Нурмагомедов аукционго койгон футболка 100 миң долларга сатылды

Бөлүшүү:

Америкалык мушкер Дастин Порьенин менен россиялык Хабиб Нурмагомедов экөөнүн болгон беттешинен соң, бири-биринин аты жазылган футболкаларды алмашып кийишкен. Кийин Хабиб футболканы аукционго койгону айтылган. Футболка 100 миң долларга сатылып, каражат кайрымдуулукка жумшалмай болгонун MMA Junkie басылмасы жазды.

Маалыматта, акчалар Уганда мамлекетиндеги балдар үйүнө жана мектептерге кудук казып берүүгө жумшалары айтылат.

“Бул абдан жакшы. Эми биздин жардам көп адамга тиет. Мен бардык кол сунгандарга ыраазымын”, – деген Порье.

Ошондой эле мушкер UFC президенти Дана Уайт дагы жеке каражатынан акчалай жардам берээрин билдиргенин кошумчалаган.

Эскерте кетсек, 8-сентябрга караган түнү Нурмагомедов Абу-Даби шаарындагы UFC 242 турниринде Порьени муунтуу ыкмасы менен жеңип, чемпиондук курун сактап калган. Беттештен кийин мушкерлер бири-биринин аты жазылган футболкаларды алмашып кийишкен. Көп өтпөй Хабиб футболканы аукционго коюп, түшкөн акчаны атаандашынын кайрымдуулук фондуна которо турганын убадалаган.

Булак:KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: