Menu

Баткендин чоңдору мамлекеттүүлүккө балта чаап бүтөбү?

Бөлүшүү:

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаровдун тажрыйбасыз, кашаң кадр экенине чек арадагы атышуудан кийин ынандыңарбы? Алдыртан чыңалып турган кырдаалды басууга жан үрөп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзсө болмок да. Тилекке каршы, ок жаңылып атканда Мадумаров жылуу кабинетинде отурганы кандай? Костюмшым кийип зыңгырап жүрсө эле маселе чечерин ойлогондор эми жаңылды го! Эл жүгүн аркалай албаган мындай “сылаң корозду” кармап туруунун канчалык зарылчылыгы бар? “Эшегине жараша тушагы” дейт. Ал эми Баткен ОИИБнин жетекчилигине жакында барган Акылбек Мамасейитов да чала сабат, шойкомдуу, шектүү, пулдун артынан чуркаган “кызыл шапкечен” экени жалганбы? Бул эргул убагында Бишкек шаарындагы “Мэри” кафесинен ичип алып чаң салганы, пивонун бөтөлкөсү менен каршылашынын башын кашайта жарганы, жыйынтыгында, кылмыш иши козголгону боюнча маалымат ЖМКларга чыкпады беле? Акыры акчанын күчү менен ишин жаптырьш, карьералык секирик жасап жүргөнү калппы? Кийин Мамасейитов Жалал-Абад ОИИБнин начальниги болуп, шалаакылыгы жана ишинде кетирген катачылыктары үчүн кызматынан айдалганын кайда жашырабыз? Кыскасы, күйгүзө турган суроолор көп. Айтор, Кыргызстандагы эң кооптуу Баткен облусуна эптемей жетекчилерди чаптай берип, аягы мамлекеттүүлүккө балта чаап албайбызбы? Өкметтүн өлүмсүк саясаты кайда алпарат? Ойгонолу, ойлонолу, эртең кеч болуп калат!

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: