Menu

“Рүстенбеков оонап туруп, көчүгүн көтөргүчө эле уруш бүтүп калууда”

Бөлүшүү:

Тажикстандагы элчибиз Жаныш Рүстенбековго коомчулуктун нааразычылыгы байкалды. Эки тарап ок атышып, жоготуулар болуп жатса эмнеге тымпыят? Эмесе, бир мисалга токтололу. Эркиндик бульварында талаасын араң көтөргөн, коммунисттик идеологияга сугарылган чалдар отурат эмеспи. Кечээ ошолордун бирөө быкшып күлүп, “Рүстенбеков ордунан оонап туруп, көчүгүн көтөргүчө кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу бүтүп калып атпайбы. Ал Акаев доорунан бери эле ушундай, курсагы тойгон жердин ырын ырдай берет. Анан кантип Кыргызстандын чек арасына күймөк эле?” дейт. Карап көрсөк, чын эле Жаныш Рүстенбеков эгемендүүлүк алган жылдардан тарта аттан түшпөй, улам келген президенттин тилин таап, эң болбоду дегенде кошуна өлкөлөргө элчи болуп келатат. Же кыйраткан иши болсочу? “Карааны бар, кадыры жок” дегендей, тыйынчалык да кыргыз элине пайда келтирбесе, анда Тажикстанда элчи болуп эмне отурат? Сыйы менен эле кетип калбайбы? 70ке чыкканда тил укпай…

Сакен Бөрүбаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: