Menu

Марат Тагаев, журналист: “Үзөңгү-Кууш сатылган эмес, бекер берилген да эмес, ал кыргызстандык кыргыздардыкы эмес, кытайлык кыргыздардыкы “

Бөлүшүү:

Кыргызстан бардык маанилүү маселелер боюнча ээрге кыйшык мингендей эле чегара боюнча да ээрге кыйшык минген. Ага элди ынандыра албаган бийлик, популист саясатчылар күнөөлүү.

Кыргызстан барыбыз билгендей эле 4 мамлекет менен чектешет. Кытай, Казакстан менен чегарабыз такталып, бекиген.

Кытай менен чегараны тактоодо Акаевдин оппозициясы жер сатты деген каралоо жүргүзгөн. Бүгүнкү күнү толук жоопкерчилик менен айтам, ошол маалдагы айрым авантюрист саясатчылар чегараны тактоо маселесине сергек ой жүгүртүп, популизмден алыс болбой Акаевди жаман көрсөтүү үчүн колдонушкан. Маселени аңдабастан эл дагы ошол ойго билип-билбей кошулган. Бул жерде оппозицияны эле бир беткей күнөөлөө туура эмес. Жасап жаткан ишин элге түшүндүрө албаган, кадыр-баркка, ишенимге ээ болбогон бийликте да чоң күнөө.

Үзөңгү-Кууш сатылган эмес, бекер берилген да эмес, Үзөңгү-Кууш туура кыргыздын жери, бирок кыргызстандык кыргыздардыкы эмес, кытайлык кыргыздардыкы. Үзөңгү-Кууш суусу Кытайга куят, Үзөңгү-Кууш кытайлык кыргыздарга жакын. Ак-Чий деген жеринен кол сунсаң жетчүдөй болуп турат. Үзөңгү-Куушту ат-башылык да жети-өгүздүктөр да жайлабайт да кыштабайт. Кытайлык кыргыздар тескерисинче биздин көп жерибизди алып кетти. Цзянь Земинди алдап Акаев куу киши экен деп жүрүшөт.

Жер сатты деген сөз Казакстан менен чегараны тактаганда болду. Талаш жердин барын эле кыргызга берип салып, казак отуруп калбайт, талаш маселе 50-50 болуп чечилет.

Бүгүн Баткендеги видеону карап турсам элдер талаш жердин бары кыргыздыкы деп жатат. Эгер мынтип кете берсек чегара өмүрү такталбайт. Фейсбуктагы он пикирден корккон бийлик жер сатты деген сөздөн коркуп эгерим тактабайт.

Мага кыргыздын эң жакпаган сөздөрүнүн бири ушул жер сатты. Кантип кыргыз элин, кыргыз мамлекетин сүйгөн адам жерибиз сатылып кеткен деп айтат түшүнбөйм. Шабдандан баштап эле бардык башчыларыбызды жер саттырабыз. Жок, биз жер сатпайбыз, биз мамлекетпиз, биз чегараны тактап атабыз дешибиз керек да.

Чегараны тактоо, жер сатылбагандыгын түшүндүрүү, элдин турмушун оңдоо бүгүнкү күнү толук президент жана анын командасынын мойнунда. Шайлоо болот анан шайлоодо жакшы адамды шайлагыла деген да болбогон кеп. Эл деген абстрактуу нерсе, кайда айдаса ошо жакка кетет. Элди тандалмалар, айдыңдар башкарат. А бүгүн ошол тандалма, айдың деген парламенттегилерибиз биздин оозду карап, фейсбук башкарып отурат.
Бүгүн ат тизгини президентте. Союлду солго чапса солго жыгылабыз, оңго чапса оңго жыгылабыз. Жоопкерчиликти сезип, жоопкерчилик да эмес парзын аткарып элди жарык жакка жетелөө президенттин гана колунда. Тилекке каршы бизди башкарган бир да президент парзын аткара элек.

Марат Тагаев, журналист, Кытайлык кыргыздарды колдоо комитетинин мүчөсү

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 70 = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: