Menu

Кашкар Жунушалиев ИИМдин ишин илгерлетмек турсун, таптаза “шал” кылмай болдубу?

Бөлүшүү:

1-ноябрь милиция кызматкерлеринин күнү эмеспи. Бул майрамга карата министр Кашкар Жунушалиев парад өткөзүүгө даярдыкты эмитен баштаганы кабарланды. Эң өкүнүчтүүсү, жарыбаган айлык алган милиция кызматкерлерине жаңы форма кийүү талабы коюлганы кандай? Реалдуу түрдө караганда, үстү-башын жаңыртууга 10 миң сомдон ашык каражат кетет экен. Бул сумма 12 миң айлык алган кызматкерлерге оор болуп, кендирин кеспейби? Азыр алар карызга жашап калышканы жашыруун эмес. Баягы “жондон кайыш тилген” заман эске келүүдө. Кызык, бир жагынан ИИМдеги курулуш иштер жылбай атса, мындай шаан-шөкөттүн кимге кереги бар эле? Дагы бир таңгалычтуу жагдай, облустук, райондук оперативдик иштер боюнча орун басарлык кызматтардын кыскарганы, о.э. кылмыш иликтөө бөлүмдөрүнүн жоюлганы кандай? Мындай керүнүш ИИМди ыраатсыздыкка, башаламандыкка алып келбейби? Тишине чейин куралданган кылмышкерлердин тобу Кыргызстанда арбын экенин эскертсек, анда алар менен күрөшүү кандай болот? Иш жүзүндө реформанын өзөгү ушундай болсо, түпкүлүгүндө “жыргаган” экенбиз да-а… Айтор, Кашкар Жунушалиев ИИМдин ишин илгерилетмек турсун, таптаза “шал” кылып, “иритип” туруп басып кеткени калдыбы? Президенттик аппарат, коопсуздук кеңеши эмне үчүн баа бербейт?

Сакен Бөрүбаев

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 13

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: