Menu

Самаркандда мыйзамсыз алтын казган эки киши урандынын алдында калды

Бөлүшүү:

Самарканд облусундагы “Каракутан” кенинде өз алдынча алтын казып жүргөн эки киши урандынын алдында калып, мерт болду. Бул маалыматты Өзбекстандын Башкы прокуратурасы тастыктады.

Окуя “Каракутан” кениндеги “Куш үйү” шахтасында болгон. Мыйзамсыз алтын издеп жүргөн үч кишини таш басып калган. 27 жана 30 жаштагы эки киши ошол замат мерт болгон, бирөө оор абалда ооруканага жеткирилген.

“Каракутан” кени Навои тоо-металлургиялык комбинатына таандык. Мурда кендин шахталарынан алтын казылып келген. Учурда кен иштебей турат, шахталарга алып барчу жол жабылган.

Бирок мыйзамсыз түрдө алтын казган кишилер коопсуздук эрежелерин сактабай, өз алдынча баалуу металл издөө иштерин улантып келишет.

Самарканд облусунун Пахтачин районунда калктын басымдуу бөлүгү мыйзамсыз түрдө алтын казуу иштери менен алектенери айтылып келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: