Menu

Сойкулук бизнести мыйзамдаштыруунун мезгили келдиби?

Бөлүшүү:

Кыргыз тарыхына көз жүгүртүп карай турган болсок, токолдор болгон, күң болгон, бирок ушу сойку эгерим болгон эмес. Бир жагынан тарбия, каада-салт жакшы болгон, экинчи жагынан уруу-уруу болуп жашап, улуу-кичүү бири-бирин сыйлашып, баардыгы бири-бирин таанышып, кимдин эмне кылып жатканы, каякка барганына чейин алаканга салгандай көрүнүп турган. Союз мезгилинде коммунисттер да ага көп жооп берген эмес, анан да «кой үстүнө торгой жумурткалаган» бакубат заман эмес беле?!

Баардыгы мына эгемендүүлүктөн кийин башталды. Кыргызстандын экономикасы очорулуп отурду, жумушсуздук башталды, «сексуалдык революция» жүрүп, теледен жылаңач аялдар чыгып, видеодон эротикалык кинолор каптап, «Пайшамба» гезити элди козутуп, чоңдордун баары сауналардан чыкпай, «Учкундун», Моссоветтин, цирктин жанында «түнкү көпөлөктөрдүн» базары «кайнап», кызык эле учурлар болду. 1990-жылдардан кийин ошондой заман эле да, а азырчы? Азыр деле «түнкү көпөлөктөр» азайып кеткен жок. Алардын катары улам жаңы жаш кыздар менен толукталууда. Бийлик көрмөксөн, билмексен болсо эле маселе чечилип калабы? Мына, Алматы Сейфуллин көчөсү менен дүйнөгө «дүң» болуп, Казакстандын атын алыска учуруп жатат го? Чара көрбөсө ошентип «шишик» чоңоюп, анан жарылат да.

«Новая газетанын» берген маалыматы боюнча Москвада 30 миңден ашык «түнкү көпөлөк», бир жарым миңден ашык сойкукана бар экени ыраспы? Эми бизде деле мындан кем калышпайт. Күч органдарынын маалыматына караганда, сойкулук Бишкек, Ош сыяктуу чоң шаарларда эле эмес, чакан шаарларда да кеңири жайылып кетиптир. «Муну ойлоп, ага чара көрөйүн деген өкмөт жокпу?» дегиң келет. Отчетто айтканга дегенби, ИИМ 154 сойкуну каттаптыр, калган 5-10 миң сойку каякта? Алардын так эсебин алган эч ким жок. Бишкек, Ошто сауналарда, мейманканаларда, көп кабаттуу үйлөрдөгү квартираларда, көчөлөрдө машине тосуп кардар издеген, соцтармактардан кардарларын издеп жаткан «түнкү көпөлөктөр» «кызыл шапкелерди» эле бага бериши керекпи? Мыйзам жол бербегенден кийин уурданып жасаган иш курусун, укуктары чектелүү эмеспи, айла жок багат да, ыя?

Кыргызстан ар дайым оригиналдуу кадамдары менен коңшулардан өзгөчөлөнүп келген. “Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу?” дегендей, «түнкү көпөлөктөр» деле жаман жашоодон, жетпеген турмуштан ушундай иштерге барып жатат да. Аларды ортомчуларга, «кызыл шапкелерге», коммерсанттарга кор кылбай мыйзамдуу уруксат берсек кандай болот? Европадагы Голландия, Австрия, Швейцария, Венгрияны айтпаганда да, постсоветтик өлкөлөрдөн Латвия, мусулман өлкөлөрүнөн Түркия сойкулукка расмий уруксат берип, муну өзүнчө кесип катары эсептеп, мыйзамдаштырып койгонун кантип жашырабыз? Жакында Жаңы Зеландия да алардын тажрыйбасын эске алып, сойкулукту мыйзамдаштырганы каңкууланды. Ал эми Кытайда саясый куугунтуктарга, коррупцияга катуу күрөш болгону менен сойкуларга жазалары жеңилдетилген. Бекеринен дейсиңби? «Ооруну жашырсаң, өлүм ашкерелейт» болбой, Кыргызстан деле «ичтен чыккан ийри жылан» деп «түнкү көпөлөктөрдүн» укуктарынын корголушуна, медициналык жактан текшерүүдөн өтүшүнө, коомдун толук кандуу мүчөсү болушуна кам көрүп, бул «байыркы кесипти» мыйзамдаштыруусу мезгилдин талабына шайкеш болуп аткан жокпу? Жаңы Зеландиянын тажрыйбасы көрсөткөндөй, мыйзамдуу уруксат берилсе, депутаттар, Акүй-Көкүйдүн аткаминерлери, миллионерлер да жашынбай, коркпой-үркпөй «түнкү көпөлөктөргө» ээн-эркин барып калышса какшыган бюджетибиз толот беле? Анан да кылмыштуулуктун, венерологиялык оорулардын очогу болгон дагы бир канал жабылып, Кыргызстанда дагы бир баш оору азаймакпы? Ал эми ортомчудардын, коррушшялашкан милициянын чөнтөгүнө түшүп жаткан акчанын агымы казынага бурулса жаманбы?Түкүрүктөн айып пул чогултканга караганда, бул мыйзамдуу да кирешелүү да болсочу?

Кызыгы учурда жашыруун түрдө сойкулук бизнести жүргүзгөндөр мамлекетке бир тыйын төлөбөй күч органдары менен тапканын балүшүп, жабык жайларда иштерин улатканына не дейбиз?..

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 76 = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: