“Эки өкмөтүн премьер-министрлери жолугуп ал жерде кыргыз өкмөтү таджик өкмөтүнө айып тагууларды айткан. Негизги айып тагуу бул биздин чек ара да атылган ок боюнча болду, чек арада атылган ок эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилеге күмөн ой жаратат деген пикирин билдириптир. Бидин мамлекетте көп мамлекетке аткезчилик кылат, биз ошого бөгөт койушубуз керек. Аткезчилик кылган контрабандистер эч качан мамлекетти, чек араны ойлобойт ошондуктан, биз буга катуу чара көрүшүбүз керек. Бүгүнкү кундө чек арада 405 км такталбаган талаштуу жер бар. Таджик тарап башка жылдагы картанын негизинде биздин жер деп, биз болсо башка жылдагы картанын негизинде биздин жер деп талашуу жүрүп жатат. Негизинен өкмөт алдын- ала иштерин жүргүзгөн эмес. Ошондуктан кайрадан ок атылуу болуп жатат”- деди Бакыт Төрөбаев.
Булак:KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ