Menu

Видео – “Теңирчиликти дин катары каттоодон өткөргүлө”- деди Кубан Тезекбаев

Бөлүшүү:

“2016-жылы теңирчиликти дин катары каттоо боюнча соттон жеңип чыкканбыз. Бирок соттун жыйынтыгы дагы деле кабыл алына элек” – деген нааразычылыгын бүгүн, 19-сентябрда болгон маалымат жыйында “Теңирчилик” бирикмесинин өкүлү Кубан Тезекбаев билдирди.

Ал эми философия илимдеринин доктору, профессор Клара Ажибекова: “Теңирчилик- бул илгертеден келе жаткан көчмөн элдеринин дини. Адамзаттын табият менен гармонияда жашоосу”- деди.

“Манас ордо” коомунун өкүлү Анарбек Усупбаев теңирчилик бир гана кыргыз элине эмес, гунндарга жана башка элдерге да тиешелүү экенин айтты.

Маалымат жыйынга Казань шаарынын “Татарстан теңирчилери” коомунан келген публицист, тарыхчы жана жазуучу Безертинов Рафаэль Нурудинович дагы катышты. Ал “21-22-сентябрда Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде “Теңирчилик жана Евразия элдеринин мурасы: башаты жана азыркысы” аталышындагы эл аралык конференция болорун кошумчалады.

Эскерте кетсек, мамлекеттик дин комитети теңирчиликти дин катары каттоодон өткөрүшкөн эмес.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: