Menu

Фото – Мамкомиссиянын өкүлдөрү УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Кой-Таш окуясы боюнча маалыматын угушту

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 7-8-августунда Чүй облусунун Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү кезектеги жыйынын өткөрүштү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамкомиссиянын өкүлдөрү УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин, коомдук ишмер Турусбек Коеналиевдин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басарлары Алмаз Орозалиевдин жана Памирбек Асановдун Кой-Таш окуясы боюнча маалыматтарын угушту.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова жеке себептерине байланыштуу жыйынга катыша алышкан жок.

23-сентябрда өтө турган кийинки жыйынга депутаттар Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова кайрадан чакырылышты.

Мындан тышкары жыйында Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын маалыматы угулат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 43

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: