Menu

2 адамды мыкаачылык менен сабаган бир тууган Бапышовдорду абакта чоогу отурган камералаштары сабашты

Бөлүшүү:

Бишкек шаарындагы Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында эки жаранды катуу сабаган шектүү бир туугандар — Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков убактылуу кармоочу жайда (СИЗО-1) камерадагылар менен мушташышкан. Бул тууралуу бүгүн, 19-сентябрда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Бүгүн эртең менен бир туугандарды текшертүү үчүн Бишкек травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна алып барышкан.

«Алар олуттуу жаракат алган эмес. Шектүүлөр №47 түзөтүү абагына которулду. Болжолдуу маалымат боюнча, мушташ 19-сентябрга караган түнү болгон. Учурда мушташтын себеби аныкталып жатат», – деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Бишкек ШИИБдин маалыматы боюнча, 28-августта Ленин РИИБге Д.М. аттуу жаран (аял киши) арыз менен кайрылган. Ал саат 07:00 чамасында Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Ярмарка» дүкөнүнүн жанында күйөөсүн сабап, качып кеткен адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн. Жабырлануучулардын бири комага түшкөн, бири оор абалда больницага жаткырылган.

Бул факт Жазык кодексиндеги 138-берене (ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Бул факт Жазык кодексиндеги 266-берене (бейбаштык) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кийинчерээк бул беренелер Жазык кодексиндеги 39-130-беренеге (адам өлтүрүүгө аракеттенүү)алмаштырылган.

4-сентябрда Бишкек шаарынын Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги мушташ боюнча милициянын майору (шектүүлөрдүн бир тууган агасы) кызматынан бошотулуп, бир нече кызматкер жазага тартылган.

7-сентябрда Бишкек шаарынын Жал кичи районунда эки адамды катуу сабаган бир туугандар СИЗО-1 мекемесине 2 айга камалган. Мындай чечимди Свердлов райондук соту кабыл алган.

Окуя 28-августта болсо, 6-сентябрда таң эрте шектүү бир туугандар — Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков милицияга өздөрү келген.

10-сентябрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан Чүй ОИИБдин уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн мурунку кызматкери Казыбек Бапышев кармалган.

Булак:KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: