Menu

Индияда электрондук чылымга тыюу салынды

Бөлүшүү:

Тамеки чеккендердин саны боюнча дүйнөдө Кытайдан кийинки орунда турган Индия электрондук чылымга тыюу салууну чечти. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги мындай чечим өспүрүмдөр жана жаштар арасында никотинге көз карандылыктын алдын алыш үчүн кабыл алынганын билдирди.

“Мектепте же колледжде окуп жаткан өспүрүмдөр жана жаштар арасында электрондук чылым чеккендер 77 пайызга көбөйүп кетти. Себеби никотинге тез эле көз каранды болуп калып жатышат. Анын үстүнө никотин зыяндуу” – деди Индиянын Саламаттык сактоо департаментинин башчысы Прити Судан.

Эми Индияда электрондук чылымды өндүргөндөр, импорттоп алып келгендер жана аларды сатыкка чыгаргандар үч жылга кесилип кетиши мүмкүн же аларга 7 миң долларга чейин айып пул салынат. Бирок мындай чылымды чеккендерге чара көрүлөбү жокбу өкмөттүн буйругунда так айтылган эмес.

Адистер Нью-Делинин бул чечиминен улам электрондук чылым чыгарган компаниялар киреше алып келген ири рыноктон ажырап калаарын айтып жатышат.

Буга чейин Бразилия жана Таиланд сыяктуу бир катар өлкөлөр да мындай сигареттерге тыюу салган.Бирок батарея менен жабдылган электрондук чылымдар курамында никотин заты бар суюктукту бууга айландырат. Мындай өндүрүмдү чыгарган «Juul Labs» жана «Philip Morris International» сыяктуу компаниялар электрондук чылым кадимки тамекиден кыйла зыянсыз экенин билдирип келишет.

Булак:KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: