Көңүл борбордо турган кыргыз-тажик чек ара маселесин кечээ Жогорку Кеңештин депутаттары өкмөттүн маалыматын жабык эшик артында угушту. Парламенттин мындай чечими боюнча экс-депутат Каныбек Осмоналиевге кайрылып, оюн уктук.
-Эл күтүп жаткан көйгөйлүү маселени жабык эшик артында депутаттардын өткөргөнү туура эмес болду. Себеби, буга чейин эле массалык-маалымат каражаттары кыргыз-тажик чек ара маселелеринин сырын ачып салды го. Андыктан анын эмнесин жашырышат? Парламенттин мындай кадамынын бир гана себебин айта алам. Балким, биздикилер тарап кезектеги мажирөөлүк же саткындык чечимге барышкандыр? Ошону жашырыш үчүн депутаттардын болгон аракетидир!? Жабык эшик артында бийлик билген чечимдерин кабыл алдырып алат. Башка эч себеби жок! Албетте, мындай кадамдары менен алар дагы кеп-сөзгө калышты. Бирок, азыркы парламенттин кадыр-баркы эчак эле нөлгө түшкөн. Ошондон улам, алардын чечимдерин эч ким тоготпойт. Эл өкүлдөрү мындай маселени жабык эшик артында эмес, үйлөрүнө бекинип алып өткөрүшсө деле эл кызыкпай калды.
Эскерте кетсек, 16-сентябрда Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Анын кесепетинен кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жараат алган.
Жайнагүл Талканбекова
Булак:KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ