Menu

Бегиш Аматов, Легендарлуу парламенттин депутаты: “Кыргыз эл башчы эмес эле, балээ президенттерге туш келген эл болдук”

Бөлүшүү:

– Бегиш аке, сиз өз алдынча мамлекет болобуз деп маселени көтөрүп чыккан адамсыз. Ошондон кийин Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болгон. Эгемен мамлекеттин чек арасы такталышы керек болчу да. Өз алдыбызча мамлекет болгондон бери чек ара такталбай, чыр токтобой келатат. Кайсыл жерден мүчүлүштүк кеткен?

– Үке, туура айтасың. Эгемен мамлекеттин чек арасы бүтүн болуш керек. СССР убагында эле жерлер бөлүнгөн. Ошону баарыбыз сыйлашыбыз керек. Эгемен мамлекет болгонубуздан кийин чоңдор (мамлекет башчысы) шайланган. Алардын биринчи милдети өлкө аймагы бүтүн болуш үчүн тышкы душмандардын корушу керек эле. Ички ууруларды чек арага жакын жолотпоого милдеткер болушкан. Бизде баары тескери болуп жатат. Республикадагы бешинчи орунда турган чоң дарыя, Үзөңгү-Кууш 130 миң гектар жери менен Акаев Кытайга берди. Анын бул иши чыккынчылык болсо да биздикилер колдоп беришти. Казакстанга 16 миң гектар жери менен Каркыра кетти. Буга бирөөнү чыккынчы деп жазаладыкпы? Кыргызстандын мамлекет жетекчилерин коңшу өлкөлөрдүн жетекчилеринин бирөөсү да сыйлаган эмес. Өзбекстан Найман суу сактагычын 400 гектардан ашык жерди басып алыптыр. Тажиктер болсо талаш жер эмес, биздин жерге КАМАЗ менен шагыл түшүрүп, курулуш жүргүзүп келатканы эбак эле башталган. Кечээ ушундай чырдын чыгышы менен адам өлдү. Сен айткандай эгемендүү өлкөнүн чек арасында тынчтык жок. Бул боюнча кимдир бирөө бир нерсе деш керек да акыры. Тажикстандын президенти Рахмон ким? Ал биздин эң чоң ГЭСибиз Токтогулдун үч эсе чоң болгон Рогун ГЭСин куруп жаткан адам. Анын элине жасаган бул иши бүтүп жатат. Тажик элине иш кылып койдум деп мурду асманды карайт. Бул ГЭС миң жыл тажик элине кызмат кылат деп айта алат. Өзбекстандын президенти Мирзиёев ким? Ал быйыл эле 51 млрд долларды өз өлкөсүнүн экономикасына салып жатат. Биздин президенттер ким? Кыргыз үчүн жасаган бир иши барбы? Эч нерсе жок. Завод, фабрика, ГЭС куруп кой сен дагы. Бул колуңдан келбейби, жок дегенде элиңдин тынч жашашы үчүн шарт түзүп бер да.

— Биздин президенттердин авторитети болгон эмес деп жатасызбы?

– Жерди коруш үчүн да эл аралык аренада авторитет керек. Казактардын биринчи президенти Назарбаев биздин президенттерди теңине албаганын көрсөтүп, ким президент болсо жакшы болорун сунуш кылат. Бул эмне деген мамлекет? Назарбаев биздин ички ишке кийлигишкенге кандай акысы бар эле? Аны эл аралык сотко бериш керек болчу. Назарбаев 1993-жылкы Конституциябызды өзгөрткүлө деп буйрук берип кеткен. Ошондон кийин Акаев Конституцияны мыйзамсыз бузган. Ошондон бери эле башка өлкөлөрдүн президенттери бизди теңине албай келет. Кимди айта алабыз, башка президенттер менен теңата сүйлөштү деп? Муну токтотуш керек. Ушул акыбал улана берсе Кыргызстан деген мамлекетти жок кылабыз. Коңшулар акырындык менен бери көздөп жылып кире берет. Алайдан, Алай-Куудан, Жазы дарыясынан келген суулардын баары Кемпир-Абад суу сактагычына келет. Ал Кыргызстандын жери. Өзбекстан суу сактагыч куруп алган. Эми ал жерге ГЭС куруп алыптыр. Аларды “Токтой тур, тууган” деш керекпи. Бул жер Усубалиевдин учурунда берилиптир. Азыр Жалал-Абаддан Өзгөнгө түз бара албай, айланып барасың. Мунусу эч нерсе эмес. Суу кетип жатат, өзбектердин пахтасы үчүн сууну топтоп бергенге макул болсок дагы, электр энергиясы биздики болуш керек. Бул жөнүндө ойлонуп койгон эч ким жок.

Тескерисинче, кыргызды четтен талап жатат. Атамбаев “Камбар-Ата-1 ГЭСин Өзбекстан менен биргелешип куруу үчүн сүйлөшүп келдик” деген. Ошол ишке ашса, өзбектер ал жерге кайыгын киргизип алгандан кийин аларды чыгарып көр эр болсоң? Кыргыз эл башчы эмес эле, балээ президенттерге туш келген эл болдук. Эл аралык аренада авторитет табыш үчүн биринчи өз элине иштеш керек. Биздикилер иштебей эле өз элин тоноду. Акаев, Бакиев, Атамбаев дагы тоногон саясат жүргүздү. 28 жылдан бери кыргыздын президенттери чет элдик ууруларды өздөрүнө кошуп алышып, элдин байлыгын уурдап кетип жатышат. Биздин жетекчилер эл, мамлекет үчүн чын дили менен күйсө, чек ара маселесин чечсе болот. СССРден өз алдынча мамлекет болуп болүнгөндө жер талашып жаткан өлкөлөр ушул аймакты тааныйбыз деп кол коюп беришкен. Ошол документ биздин чек арабызды тастыктайт. Буга алмаштырдык дегенди токтотуш керек.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 48 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: