2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөсү жана экс-генералдык прокурор Азимбек Бекназаров кесибин алмаштырды. Эми ал журналисттик кесипти тандады.
Бүгүн “Жаңы ордо” гезити билдиргендей Бекназаров гезитке баяндамачы болуп орношту. Мындан ары ал өлкөдөгү саясий окуяларды чагылдырып, юридикалык баа берип турат.
Ал Курманбек Бакиевди президенттиктен кулаткан оппозиция лидерлеринин бири болгон. 2010-жылы апрель окуяларынан кийин Убактылуу өкмөттүн төррайымынын орун басары болуп иштеп турган.
Ал иштеген өкмөт отставкага кеткенден кийин жумушсуз калып, жактоочулук конторасын ачкан.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ