Өзбекстандын маркум президентинин кичүү кызы Лола Каримова Тилляева өзүнүн инстаграм баракчасында эжеси Гүлнара Каримованын тагдыры тууралуу суроого жооп берди.
Лола Каримованын постуна пикир билдирүүчүлөрдүн бири “Орунсуз суроо бергеним үчүн мени кечириңиз, эжеңизге бооруңуз оорубайбы?” деген суроосун узаткан.
Суроого жооп ирээтинде “мен бир тууганымдын тагдырына жан ачуу менен карайм. Тилекке каршы анын бошотулушуна таасир бере албаймын, бул сотко байланыштуу, менин каалоомдо эмес. Сиз мага мурун-кийин жана эч качан болбогон күч бердиңиз. Мен бир тууганым үчүн дуа гана кыла аламын”, – деди Лола Кримова.
Белгилей кетсек, өткөн айда Өзбекстандын башкы прократурасы Гүлнара Каримовага каршы мамлекеттик каражатты жымыруу жана мыйзамга каршы иштерди жасоо, башкалардын мүлкүн опузалап талап кылуу беренелери боюнча жаңы кылмыш иштери козголгонун кабарлаган.
Ал эми Гүлнара Каримованын кызы Иман “саясий цирк” апама каршы жаңы кылмыш иштерин козгоду деп атады.
Эске сала кетсек, 2017-жылы Гүлнара Каримова Өзбекстанда салык төлөбөгөнү, уурдаганы, опузалап акча талап кылгандыгы жана оффшордук компаниянын документтерин бурмалагандыгы боюнча кылмыштарга айыпталып, 10 жылга соттолгон.
2019-жылы мартта үй камагынын шарттарын одоно бузду деп Ташкент облусунун Зангиятин районундагы №21-аялдар колониясына которулган.
Булак:KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ