Menu

Аида Салянова ооруканадан чыкты

Бөлүшүү:

Аида Салянова ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу маалыматты туугандары кабарлады.

Салянова ооруканага 19-августта Бишкек СИЗОсунан чыккандан соң бир канча күндөн кийин жаткырылган. Дарыгерлер ага жүрөктүн панкардити деген диагноз койгон. Ал Бишкек шаарындагы М.Мирахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия ооруканасында дарыланып чыккан.

Ооруканадан өткөн жумада чыгарылган. Анын туугандарынын айтуусунда жагдайы бир кыйла жакшырган, бирок операция жасатуу керек. Азыркы учурда операцияны качан жана кайда жаcоо тууралуу маселе чечилип жатат.

Эске салсак, Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында камакка алынган. Мурун ал жүрөк оорусун айтып, М.Мирахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия ооруканасына жиберилип, 30-июнда кайрадан СИЗО-1 жеткирилген.

2019-жылдын 15-августта Бишкек шаарынын 1-май райондук соту Аида Салянованы үй камагына чыгарган.

Булак:KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 5 = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: