Бишкектеги Э. З. Гареев атындагы Ботаникалык бакта климаттык фестиваль өтүп жатат. Биринчи жолу өтүп жаткан бул иш-чара «Жашоо климаты» долбоорунун алкагында Бишкек мэриясы менен чогуу уюштурулуп жатат.
Фестивалда Туруктуу өнүгүү үчүн жашыл альянстын жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы коомдук уюмдардын 30дан ашуун мүчөлөрү климатты жөнгө салууга багытталган иш-чараларды өткөрөт. Буга байланыштуу жарманке, жаш сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү уюштурулуп, ачык асман алдында тасма тартууланат. Шаардыктар менен шаардын конокторуна экология темасында оюн-зоок, викториналар уюшурулат.
Буга чейин «Жашоо климаты» долбоорунун алкагында шаардын төрт жерине градусник коюлган. Анда 1960-жылдан бери жылдык орточо температура кандай өзгөргөнүн билүү болгон. «Move Green» экологиялык кыймылы тараткан маалыматка караганда, Кыргызстанда бул кылымдын аягында абанын температурасы +4…+6 градуска көтөрүлөт.
Булак:KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ